Menu

Түркмөн президенти Риодон медалсыз кайткан спортчуларын жемеледи

Бөлүшүү:

Рио олимпиадасынан бир да медаль утпай келген түркмөн спортчулары мекенине кайтканда президенттен жеме укту. “Бардык шартты түзүп берсек да улуттун ишенимин актабай койдуңар” деп президент Гурбангулы Бердымухамедов Спорт комитетинин башчысын жемелеп жатканын мамлекеттик телеканалдар көрсөттү.

Рио олимпиадасына Түркмөнстан тогуз спортчусун жөнөткөн. Алардын бири да медаль алган жок.

Өлкө башчы эгер кемчиликтер жоюлбаса, спорт комитетинин башчысын жумуштан бошоторун эскертти. 2012-жылы Лондондо өткөн буга чейинки жайкы олимпиада Түркмөнстан үчүн ийгиликсиз аяктаганда президент спорттук мекеменин ошол кездеги жетекчисин иштен алган болчу.

2017-жылдын сентябрында Түркмөнстанда Азия оюндары өтөт. Бул иш-чарага даярдык көрүп Бердымухамедов учурда миллиарддаган акчага спорттук имараттарды курдурууда.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: