Menu

Видео – Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты: “Чек ара чырында камалган балдар өтө кооптуу кылмышкерлер эмес, ошондуктан аларды кое бериш керек!”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-январда, Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде кыргыз-тажик чек арасындагы маселе каралды. Ал жыйынга вице-премьер-министр Жениш Разаков баш болгон чек ара маселесине тиешелүү мекеменин өкүлдөрү катышты.

Анда депутат Каныбек Иманалиев Көк-Таш айылынын тургундарын бошотууну сунуштады. “Тажикстан тарап провокация кылды, алардын жараны кармалган жок, Кыргызстандын эки жараны кармалып жатат. Кармалган биздин балдар өтө кооптуу кылмышкерлер эмес да, ошондуктан аларды кое бериш керек. Азап тарткан да кыргыз тарап, камалган да”, — деп К.Иманалиев эл аралык комитети айыпталган 4 баланы бошотуу боюнча кат жазып берээрин билдирди.

Эске сала кетсек, 10-январга караган түнү Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганынан улам, Көк-Таш айылындагы аялдар менен балдар коопсуздук жайга жайгаштырылган. 11-январда Көк-Таш айылынын төрт тургуну «Массалык башаламандык» жана “Ээнбаштык” беренелери боюнча айыпталып, камалган. Алардын туугандары, айылдаштары жана “Чек ара” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү аларды чыгарууну талап кылып, эки ирет (13 жана 15-январда) Ак үйдүн алдына пикетке чыгышкан. 17-январда 4 баланын (Нурбек Сапарбаев, Үсөн Сапарбаев, Зайнидин Бердиев, Улукбек Сапарбаев) экөө үй камагына чыгарылган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: