Menu

Асия Сасыкбаева, экс-депутат: “Элдин көзүнчө “сөгүш” берүү бул – популистик чара

Бөлүшүү:

– Премер-министр Сапар Исаковдун айрым министрлерге сөгүш бергени ишти илгерилетүүгө жасаган аракетиби же аргасы кеткендеги амалыбы?

-“Сөгүш”- бул совет доорунан калган жаман, терс көрүнүш. Бирок, ошол мезгилде да азыркыдай болуп, сөгүш беримиш болуп, көп ишти сыртка чыгарбай жазаламыш болуп коюшчу. Кокус бирөө жумуштан туура эмес алынса же жумушунда каталыкка жол бергени үчүн ишинен четтетилсе, элге жарыя кылышчу эмес. Баса, совет доорунда иштей албаган чиновникти башка кызматка которулат деген шылтоо ме­нен кызматтан алып коюшчу. Сөгүш бергендин ордуна иштей албагандарды кызматтан алып кою жеңилирээк болот деп ойлойм. Элдин көзүнчө “сөгүш” берүү популистик чара деп эсептейм. Ошондуктан, премьердин мындай иш-аракеттери ишти илгерилетүүгө жардам бербейт. Тескери таасир этип, сөгүш алган министерлерди алдында иштеген адамдар премьерди сыйлабай калышат. Минисрге сөгүш берүү өзү моралдык жагынан да туура эмес. Негизи министрлик кызматка дайындалган адам эң бийик даражадагы чи­новник болуп эсептелет. Ошон үчүн министр болгон адам элдин көзүнө эң акылдуу, тажрыйбалуу, профессионал, моралдык жагынан жаман сөз илештирбеген адам болушу керек. Ал эми премьер-министр министрлерге “на­чальник” болбой алар менен партнер катары иш алып барышы абзел. Кайсы бир маселенин жообун таппай калган учурда премьер жана консультанттар, керек болсо тармактын депутаттык комитеттер биргелешип, ал маселени чечиши керек. Анткени, алар мамлекеттик кызматкерлер. Маселени да, мамлекеттик деңгээлде чечүүгө ар тараптан кол-кабыш кылышы шарт. Жетекчилик кызматтарга профессионалдар келбегени үчүн көпчүлүк учурда алар этикадан аксап, өз милдеттерин ээлеген кызматынын этикасын билбей жатышат. Өкүнүчтүүсү өз ишин билбеген, тапшырманы гана аткарган жетекчилердин айынан элибизди сындырууну адат кылып алдык. Ошол министрлердин да үй-бүлөлөрү, ата-энеси, балдары бар. Бирөөнү каралоодон, сындыруудан мурун “эртеби-кечпи ушундай кырдаалга туш болуп калсам, алардын абалы кандай болот?”- деп өзүн жана жакындарын ойлошу керек. Адамдын тагдырын сындыруу бат эле. Бирок, анын кесепети тийип калса не болом деген ойду өзү да эсинен чыгарбашы керек. Кыскасы, бийликтегилер кандай маселе болбосун бийликтин күчүнө салып чечпей демократиялык инструменттерди колдонууну үйрөнүшү керек!

Булак: Майдан.kg

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: