Menu

Бермет Бакытбекова: “Акаевдин кеткенине 11 жыл, Бакиевдин кеткенине 6 жыл болду, Атамбаев дагы деле экөөнү күнөөлөп олтурат, 6 жылдан бери реформаларды жасаганга ким тоскоол болду?”

Бөлүшүү:

Атамбаевди президент кылып шайлагандар айткылачы, ал президент болуп келгенден кийин эмне өзгөрдү? 90 баланын сөөгүнүн алдында Ата-Бейитте эмне деп ант беришти эле? Ошол 90 бала эмнеге нааразы болуп чыгып, өлүп кетишти? Азыр свет 2010-жылдан 2 эсе кымбаттады, кыргыздын канын ичкен кримтөбөл Батукаевди кызыл килем менен узатышты. (Атамбаевдин макулдугусуз бул кадамга бара алышмак эмес) Чек ара маселеси, Кумтөр, Мегаком, Жер үй, Кыргызгаз, гүлдөгөн коррупция… шоопур, жансакчы, пол жуугуч, любовницалар башкарган заманда күн кечирип жатабыз. Атамбаев тантып сүйлөгөндөн, ырдагандан башка эч нерсе колунан келген жок. Акаевдин кеткенине 11 жыл, Бакиевдин кеткенине 6 жыл болду, дагы деле экөөнү күнөөлөп олтурат. Алты жылдан бери реформаларды жасаганга ким тоскоол болду? Же баш жазгандан бошогон жокпу? Кыргыз элин уят кылып, улам ар кайсы президенттерге тийишип, чоң сүйлөйт. Кыргыздын кайсы күнөөсү үчүн Кудай Атамбаевге окшогон өлкө башчы менен бизди жазалап олтурат? Эми…… бүгүн Москвада кабырганы кайыштырган окуя боюнча…. Атамбаев каражолтой болду. Бул бийликте отургандан бери эки жолу мекендештерибиз Москвада тирүүлөй өрттөлүп кетишти. Эмнеге реакция кылган жок?.. Аа, бүгүн ишемби да, эс алуу күндөрү Атамбаев катар-катар ырларды жаздырып, алдыда болчу юбилейине альбом чыгаруу үчүн катуу даярдык көрүп жатам деп өзү пресс-конференцияда айткан. Москвадагылар өрттөнөбү, мунун урганы барбы? Эл ыйлап, сыздап, боздоп жатса үн катпаган ташбоор адамды ажо кылып шайлагандар өкүнүп жатасыңарбы? Азанга, хиджабга тийише койгондун кесепетин күнөөсү жок карапайым эл көрүп жатат. Боюнда бар келин, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек секелектер өрттөлгөндөн көрө, мамлекетин сазга батырып, тантыган сөздөрү менен элин жер каратып, элин талаалатып коюп, өзү катар-катар менен ыр жаздырып, чоң хан сарай салдырып, “МНЕ НЕ СТРАШНО УМИРАТЬ” деген Атамбаев өрттөлсө болмок… Айла кеткендеги сөз… Эгерде, бир аз болсо да адамгерчилиги бар болсо, 17 жаранды эскерип, аза күтүп, 17-сентябрда юбилейинин урматына резиденцияда концерт бербеш керек. Казакстандын, Өзбекстандын жарандары тирүүлөй өрттөлүп кетсе, президенттери дароо реакция кылып, керек болсо Москвага жетип барышмак. А биздики иши жок. Ыр жаздыруу, юбилейине даярдык көрүү менен алек. Кандай адамды президент кылып шайлаганыңарды көрдүңөрбү?.. Бир аз болсо да уялдыңарбы? Же дагы деле АШАга жан тарткандар барбы?..

Москвада өрттөн каза болгон 17 жараныбыздын, Ош-Бишкек жолунда жан берген 9 адамдын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Оор жаракат менен ооруканага жеткирилгендерге Аллах шыпаасын берсин. Омийин!

Бермет Бакытбекова

Булак: facebook

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: