Орусиянын Тергөө комитети басмаканада чыккан өрттүн жагдайларын иликтөө үчүн атайын топ түздү. Кырсыктан 17 адам кайтыш болгон. Алардын ичинен 14ү-Кыргызстан жараны. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалат.
Топко 14 тергөөчү жана 7 эксперт-криминалист кирди. 30дан ашуун соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул ишти 10 соттук-медициналык эксперт жүргүзөт.
Москвадагы басмаканада чыккан өрт 17 адамдын өмүрүн алды. Алардын ичинен 14ү Кыргызстандын кыз-келиндери болгон. Кыргызстандык дагы үч жаран учурда ооруканада. Алардын абалы азыр туруктуу деп бааланууда
Бул факт боюнча Орусияда «Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ