Menu

Фото – Сооронбай Жээнбеков: Баткен — менин жүрөгүмдүн төрүндө

Бөлүшүү:

«Кыргызстаныбыздын ар бир облусу, ар бир аймагы, ар бир айылы үчүн күйөм. Бирок баткендиктер өзгөчө жүрөгүмдүн төрүндөсүңөр», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июлда, Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

«Сиздер менен жолугушуп, көптөгөн маселелерди уктум, силер менен бирге аларга жооп алдым. Негизгиси — сиздер менен чер жазышып, баарлашып алдым. Бул мага чоң күч дем. Албетте, маселелер көп. Бирок, сиздердей дили таза, ою ак, эмгекчил элибиз аман болсо, жерибизде тынчтык болсо, ал маселенин баары чечилет. Бийлик, мен баш болуп баардык мүмкүнчүлүктү аймактарды өнүктүрүүгө, сиздердин турмушту жакшыртууга жумшап жатабыз, дагы да жумшайбыз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал беш кол тең эмес, баары эле биз каалагандай иштебей, ишине, элине берилбегенин айтты.

«Бирок, Кудайга шүгүр, мыкты уул-кыздарыбыз бар. Баарыбыз бир муштум болуп, Кыргызстаныбызды, аймактарды өнүктүрөбүз. Негизгиси — сиздердин ишеним, колдооңор.  Географиялык жактан борбордон алыс, чек арага чектеш жайгашып башка облустарга караганда социалдык-экономикалык ынгайсыздыктарды көп көрөсүңөр. Көтөрүмдүүлүк менен мамиле кылуудасыңар. Баткенге ар бир келгенде, мен сиздерден кең пейилдикти көрүп, ыраазы болуп кайтам. Кандай маселе болсо да, Баткен менин жүрөгүмдө экенин унутпаңыздар», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: