“Айланайын элим! Өлкөбүз 2010-жылдын жазынан тартып 2014-жылдын жазына чейин төрт жыл тополоң болуп, тынчыбай турду. Район, облус басып алмай, жолдорду буумай токтогонуна эки жарым жыл боло элек”, – деп билдирди бүгүн, 31-августта Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын 25 жылдыгын белгилөө салтанатында Алмаз Атамбаев.
“Бул кузгундар, сасык саясатчылар, текелер болсо баардыгы биригип, эми кайрадан мамлекетибизди чыр-чатакка, тополоңго, канга толсун деп тилеп турат. Чогула калышат. Ушулардын ыплас колдоруна, акаевчи, бакиевчи, ууру, мародерлордун колуна мекенибизди кайра салып беребизби? Жок! Эч качан андай болбойт! Мен толук ишенем: кыргыз эли бул бузукуларды экинчи ээрчибейт, алданбайт! Ынтымакты сактап, биримдикти бекемдеп, 7-апрелде тапкан жолубуз менен түз кете берсек, бул бузукулар итке окшоп, үрүп-үрүп тим болот. Элибизде: “Ит үрө берет – кербен жүрө берет” дейт. “Көч бара-бара түзөлөт”! Карапайым эл көрүп турат, кыргыз көчү өз жолун таап, бара-бара түзөлүп баратат. Кедей өлкөлөрдүн катарынан чыктык ” – деди Алмаз Атамбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ