“Алмазбек Атамбаев оорулуу, ага тез аранын ичинде психиатрдын жардамы керек”, – деп билдирди 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Болот Шер. Анын пикиринде, президент Атамбаевдин бүгүн “Ала-Тоо” аянтында сүйлөгөн сөзүнө таарынуунун кереги жок. “Анын сөзүнө таарынбай койсо деле болот”,- деди Болот Шер.
Болот Шер учурда Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөн сөзүн талдоо үчүн 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жыйынга чогулуп жатышканын билдирди. “Учурда баарыбыз чогулуп жатабыз”, – деди ал.
Алмазбек Атамбаев “Ала-Тоо” аянтындагы сүйлөгөн сөзүндө Убактылуу өкмөттүн ошол учурдагы аракеттерин сынга алды.
Булак: “Супер.кg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ