Бүгүн, 1-сентябрда былтыр күздө шайланган Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын экинчи сессиясы ачылган эле. Бирок иш башталбай жатып эле СДПКчы депутат Кожобек Рыспаев “Көчмөндөр оюнун көрүш керек, анан Курман айтты майрамдаш керек, ошондуктан эс алууну дагы 12 күнгө узарпайлыбы?” деп сунуш кылды.
Аны СДПКчы спикер Чыныбай Турсунбеков колдоп “Көчмөндөр оюнуна баруу үчүн депутаттарга 3 автобус камдап койдук. Каалагандар өз машиналарыңар менен да барсаңар болот” деп партиялашы Кожобек Рыспаевдин сунушун добушка койду. Араң эле турган депутаттардан “макул” деген 69 добуш эсептелип, депутаттардын эс алуусу 12-сентябрга чейин узартылды.
Эл Жогорку Кеңештин депутаттарынан Москвадан күйүп өлгөн 14 кыздан кийин мигранттардын турмушун жеңилдетүү боюнча акылдуу сунуштарды же болбосо кыргыздын Унгар-Тоосун басып алган Өзбекстандык 6 милиционерди эмне кылабыз деген орчундуу маселелерди талкуулайт деп күткөн.
Бирок, Журтатасы болом деп жүргөн СДПКнын атасынан “парламент иштесе Текебаев сыяктуу депутаттар трибунаны пайдаланып, өлкөдөгү кыйын кырдаалды күндө айта берет” деп бул Чыныбай менен Кожобекке ошондой команда келип түшсө керек, “кыңк” этпей дагы 12 күнгө тарап кетишти.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ