Бишкек шаарында 2-сентябрында жаан-чачын күтүлбөйт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, абанын түнкү төмөнкү температурасы 13…15°, күндүзгү жогорку температурасы 28…30° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында 2-сентябрында жаан-чачын күтүлбөйт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, абанын түнкү төмөнкү температурасы 18…20°, күндүзгү жогорку температурасы 31…33° жылуу болушу күтүлөт.
2-сентябрында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
3-4-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 3-сентябрда айрым жерлерде 14 метрге жетет.
5-сентябрында жана 6-сентябрында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 6-сентябрында күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ