Menu

Сүйүнчү, “көчмөндөр оюндарына” 4 өлкөнүн президенти катышат

Бөлүшүү:

Үчүнчү ирет өтүлүп жаткан дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бул жылы төрт өлкөнүн президенти катышканы турат. Салтанатты көрүү үчүн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев келе турганын президенттик аппараттан билдирди. Мындан сырткары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан да келери белгилүү болду. Албетте, оюнга чейин дагы убакыт бар, жакындаган маалда бул тизмеге башка мамлекет башчылары да кошулуп калышы мүмкүн. Кандай болгон күндө да бир учурда төрт өлкөнүн жетекчисинин келип жатышы да жөн эмес. Бул Көчмөндөр оюнунун кадыр-баркы менен тышкы саясатыбыздын туура багытта бараткандыгынын көрсөткүчү. Эске салсак, көчмөндөр оюндары 2-сентябрда ачылып, 8-сентябрга чейин уланат. Ага 57 мамлекеттен келген 1946 спортчу катышып, улуттук спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат. Оюндарда жалпы 594 медаль ойнотулат. Анын 174ү алтын.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: