Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 4 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй облусунда 2 өрт, Ысык-Көл жана Ош облустарында 1ден өрт кырсыгы катталган.
Аламүдүн районунун Панорама дачасындагы 5-линия көчөсүндөгү турак үй толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн аянты 100 чарчы метрди түзгөн.
Ал эми Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында турак үйдүн 15 кв.м. чатыры күйүп кеткен.
Ошондой эле, Ош шаарынын Репин көчөсүндө жайгашкан №22 турак үйдөн өрт чыгып, үй толугу менен күйүп кеткен.
Учурда өрттүн келип чыккан себептери такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ