Menu

Кыргызстандын 15 районунда жер фондун инвентаризациялоо боюнча айдоо аянттары 45 667 гектарга көбөйдү

Бөлүшүү:

Кыргызстандын 15 районунда жер фондун инвентаризациялоо боюнча айдоо аянттары 45 667 гектарга көбөйдү, деди 22-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү жер фондун инвентаризациялоо боюнча жумушчу жыйында. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Аткарылган иштердин жыйынтыгы тууралуу, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин “Кыргызмамжердолбоорлор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын директору Ажыбек Касмалиев маалымат берди.

Ал жер фондун инвентаризациялоо иштери үч этап менен жүргүзүлгөнүн, жыйынтыгында жердин категориясы жана түрү боюнча бир катар өзгөрүүлөр аныкталганан билдирди.

Биринчи этапта инвентаризация өлкөнүн төрт районунда жүргүзүлгөн: Чүй облусунун Чүй,  Аламүдүн, Сокулук райондорунда жана Ош облусунун Араван районунда ишке ашкан.

Экинчи этапта беш район текшерүүдөн өткөн: Чүй облусунун Панфилов району, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон,  Сузак райондору жана Ысык-Көл облусунун Түп жана Тоң райондору.

Үчүнчү этапта жер фондусун инвентаризациялоо өлкөнүн дагы беш районунда: Талас олблусунун  Бакай-Ата районунда, Баткен облусунун Баткен районунда, Чүй облусунун  Жайыл районунда, Нарын облусунун Нарын районунда жана  Ош облусунун Ноокат райондорунда жүргүзүлдү.

Кыргызстан боюнча 15 райондо жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча сугат жерлердин аянты 45 667 гектарга көбөйгөн, жайыт жерлер 38 565 гектар аянтка көбөйгөн, көп жылдык дарактуу аянттар 5063 гектарга, жайыттар 746 446 гектарга, чөп чабуу аянттары 2965 гектарга жана пайдаланылбаган жерлердин саны 9295 гектарга кыскарды.

Ажыбек Касымалиев белгилегендей, жер фондусун инвентаризациялоо боюнча иштер жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү каттоо кызматтары менен тыгыз жүргүзүлдү.

Ал кошумчалагандай, республикадагы калган райондордогу жерди 2018-жылдын аягына чейин инвентаризациялоону жүргүзүү боюнча иш планынын графиги түзүлдү.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Күмүшбек Шамканов кошумчалагандай, жер фондусун инвентаризациялоону жыйынтыктоодо  жерди эсепке алуу документтештирүүгө өзгөртүү киргизилет.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков  бул багытта чоң иштер жасалганын жана келечекте өлкөнүн жер ресурстарын башкаруу боюнча бирдиктүү мамлекеттик органды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак- аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине өлкөнүн калган райондорунда жер фондусун инвентаризациялоо ишин тез арада аягына чыгаруу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

Райондук мамлекеттик администрация башчыларына – акимдерге аталган маселе боюнча активдүү катышуу менен ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: