Бишкекте 30-август күнү Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы менен Казакстандын курама командасы жолдоштук беттешүү өткөрүшкөн. Оюндун жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 2:0 эсебинде казакстандык футболчуларды утуп алышкан. Ал оюндан чыккан кыргыз футбол фанаттары менен казак фанаттары Бишкектин жеңиш аянтында мушташканы боюнча видеотасма интернетте тарады.
Айрым бир маалыматтар боюнча бул мушташтын алдында эки тараптын фанаттары кол менен буттан башка эч нерсе пайдаланбайбыз деп шартташып алышкан жана дүйнөлүк фанаттар кыймылында ушундай салт бар экени айтылат. Мушташтын жыйынтыгында кудай жалгап эч ким ооруканага же милицияга түшкөн эмес.
Видео: channel KG , Ельчоро
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ