Дээрлик беш айга жакын убакыт бош турган президенттин аппарат башчылыгына Досалы Эсеналиев дайындалды. Ал эми анын ордуна аппараттын жетекчисинин орун басары болуп Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев отурду. Досалы мырза Курманбек Бакиевдин тушунда да президенттик администрация башчысынын орун басары болуп иштеген. Кийин Өмүрбек Бабановдун «Республика» партиясынын пиар-менеджери, идеологу катары кызмат өтөдү. Андан соң «Бир Бол» партиясынын арабасын сүйрөп, Алтынбек Сулаймановдын камчысын чапты. Интеллектуалдык менчик кызматын жетектеди. Эми минтип эң негизги саясий маселелерди чечүүчү орчундуу кызматка келди. Досалы мырзага ийгилик каалайлы.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ