Жети-Ɵгүз районунун Ак-Терек айылдык кенешинде РИИБ башчысы Т.М.Тюкебаев, МУККнын райондук бөлүм башчысы А.С.Токтомамбетов, Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.К.Абдылдаев, баш имам хатиб Каныбек ажы Кожогулов жана имамдардын катышуусунда экстремизмге каршы күрөшүү, терс диний агымдардын алдын алуу, салттуу Ислам дининин баалуулуктарын жайылтып, коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча жыйын өттү. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы маалымдады.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар КР Коргоо Кеңешинин чечимдерин жана 2014-2020-жылдарга КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын багыттарын ишке ашыруу, коомчулук менен тыгыз кызматташып, улуттар аралык достукту бекемдөө жаатындагы темаларда баяндамаларын жасашып, аткарылып жаткан иштеринен маалымат беришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ