Menu

Акаев менен Бакиевдин да табасы каныптыр…

Бөлүшүү:

Эгемендик күнүндөгү Алмазбек Атамбаевдин Ала Тоо аянтындагы сүйлөгөн сөзү кыргыз коомчулугун эле эмес, алыстагы Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин да бүйүрүн кызытыптыр. “Доско күлкү, душманга таба” дегендей кеп. 2010-жылы бийликти алган оппозиционерлер бүгүнкү күндө бири-биринин айыптарын чукуп атышканы кыйла бүдөмүк суроолорду жаратты.

Маселен, 7-апрелден кийинки талап-тоноочулук, банк уячасындагы миллиондордун жоголушу, Кадыржан Батыровду качыргандар, айтор, санай берсе былыктар кыйла чыкчудай. Адатта президент айткандан кийин, дал ушундай жашыруун калган кылмыштардын бети ачылышы керек. Атамбаев өзү да Убактылуу өкмөткө байланыштуу шектүү иштерди козгоп, айыбы ачыларын калың элдин астында билдирди. Эмесе, кечээги революционерлер чекесинен камакка алынабы? Бийликтен четтеп калган УӨ мүчөлөрү эми жөн жатмак беле? Алар дагы Атамбаевдин айыбын чукуганга, өздөрүнчө компроматтарды алып чыгуу үчүн кечээ кеңешме кылышканы маалым болду.

“Революцияны фанаттар жасайт, жыргалчылыгын шакалдар көрөт” демекчи, экс-революционерлер саясый сахнада кырылышып, элди болушунча тажатышып, ит жыгылыш абалга келишкенде, ортодон үчүнчү күчтөр чыгып кетпейби? Алар деле арабызда жүрөт. Бийликтен ыдык көргөн, бирок капчыктуу, электораты бар коңулдагы саясатчылар Акүйдүн абийири төгүлүшүн күтүп эле жатышкандыр. Кокус саясый кырдаал курчуса, тобокелдик менен үчүнчү топ чыгышы мүмкүн. Буга чейин “Элдик парламенттин” баш көтөргөнүн көрдүңөр. Ошол сыяктуу эле Акаев, Бакиевдин жетегинде жем жеп, ресурстарын сактап, анан ыңгайлуу мезгилде чыга калчулар жок эмес.

Кыскасы, Кыргызстанда саясый тирешүү башталды. Сырткы күчтөр да назар салып турат…

Кубат Карачев.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: