Түштүк-Казакстан облусунун Мактарал районунун айыл округдарынын акимдери жемкорлукка шектелүүдө. Бул тууралуу Коррупцияга каршы кызмат билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр мектеп жашындагы балдардын тарбиясы жана билими үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттан 100 миллион тенгени кымырып алышкан. Акимдер бир эле баланы бир нече бала бакчага каттап, тизмени жасалма жол менен көбөйтүп, чыгымдарды арттырышкан.
Айыпталуучулар убактылуу кармоочу жайга камалды. Коррупцияга каршы кызматтын берген маалыматына караганда, айрым аткаминерлер пара берүү менен кылмыш жоопкерчилигинен качып кетүүгө аракет жасашкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ