Талас шаарында Талас областынын жергиликтүү сотторунун аппарат кызматкерлеринин ортосунда мини-футбол жана волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Талас областтык сотунун басма-сөз кызматы билдирди.
2016-жылдын 2-сентябрында Талас шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата Талас областынын жергиликтүү сотторунун аппарат кызматкерлеринин ортосунда мини-футбол жана волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Мелдеш Талас областтык соту тарабынан уюштурулуп, мелдешке Талас областтык сотунун, Талас шаардык, Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондук сотторунун курама командалары катышышты.
31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата өткөрүлгөн мелдештин жыйынтыгы боюнча 1-орунга Талас областтык сотунун курама командасы ээ болду.
Байгелүү орундарды ээлеген курама командаларга Талас областтык сотунун төрайымы К. Калиева кубокту, дипломдорду жана акчалай сыйлыктарды тапшырып, куттуктоо сөздөрүн айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ