Бюджет тармагында иштеген кызматкерлердин көбү акыркы 3 ай үчүн маяналарын ала элек. Мындай абалга Марый жана Лебап райондорундагылар кептелди. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдирүүдө.
Адамдар нааразылыктарын жамаат ичинде же досторунун тар чөйрөсүндө гана ачыкка чыгарышат. Айрымдар топ-топ болуп шаардык же райондук каржы бөлүмдөрүнө барып, өз мекемелери үчүн акчанын жарымын алып калууга аракет жасап же айлыктын качан берилерин такташууда.
Бирок акчанын баары биринчи кезекте пенсиялар менен жөлөк пулдарды төлөөгө жумшалып жатканын гана угуп кайтышат.
Керки шаарындагы мектептердин биринин мугалими базар менен коммерциялык дүкөндөрдө азык-түлүктү карызга берүү тажрыйбасы дагы деле бар экенине шүгүр кылат.
— Окуучуларымдын базарда азык-түлүк саткан ата-энелери мени жакшы билишет жана мага ишенишет. Алар жок болгондо үй-бүлөмдү кантип багат элем билбейм – деди мугалим.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ