Menu

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: “Мен бийликтин эмес, Өмүрбек Текебаевдин камчысын чаптым!”

Бөлүшүү:

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева менен Үңкүр-Тоонун айланасында жана эмне үчүн Текебаевдер өткөргөн жыйында ачуу сөздөрдү айтууга аргасыз болгону боюнча баарлаштык.

– Токтайым эже,  22-августта Өзбекстан тик учак менен Аксыдагы Үңкүр-Тоого он чакты куралдуу милициянын тобун таштап, андагы радиорелейлик бекетте иштеген кыргыз жарандарын барымтага алып кеткен.  Бийлик барымтага алынган жарандарыбызды  эмне үчүн чыгаруу аракетин көрбөй жатат?

– Чынында бул маселе бүгүнкү күндө эң оор маселелердин бири болуп турат. Жарандарыбыздын кайрылып келиши жападан жалгыз маселе катары каралышы керек. Бирок, бул маселенин ашмалтайын чыгарбай, өтө кылдаттык менен  карап, барымтадагы жарандарыбызды бошотуп алуу шарт. Мага жеткен маалыматтарга караганда,  премьерлердин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргыз тарап Өзбекстандын  койгон шарттарын аткарды. Эми коңшулар да биздин шартка көнүп, барымтадагы жарандарыбызды бошотуп бериши керек. Кыргызда “сабырдын түбү сары алтын” дейт. Сабыр кылып, ошол эле мезгилде өзбек тараптагы укук коргоочулар менен тыгыз иштешүү зарыл. Мамлекет бир топ укук коргоочуларды жалдап, коңшу мамлекеттерди ортомчу кылып, өзбек коомчулугуна салып, эл аралык укук коргоо органдарына кайрылуу жасашы абзел.

Өзбекстан кыргыз бийлигине сыртын салган мамилеси менен Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычын кайтарып алууну каалап жаткан жокпу?

– Ал маселе да олуттуу болуп жатат.  Азыр Орто Азия эле эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө суу үчүн талаш-тартыштар күчөп, мамлекеттер урап жатат. Мисалы, Ливияда болгон көңтөрүш, Каддафинин о дүйнөгө кетишинин негизи да суу маселесинде көз карандылыктан арылуу аракети болгон. Айтайын дегеним, сууну самолёттор менен Европадан ташыбай, артезиан тереңдигине кирип, элге суу алып берип, өтө чоң суммадагы келишимден баш тартканка аракет жасалган. Жыйынтыгында буга чыдабаган сырткы күчтөрдүн таасири менен гүлдөп, өнүп, өсүп жаткан мамлекетте баш аламандык орун алып, кесепеттерин, азабын азыр да тартышууда. Өзбекстан менен Кыргызстандын  маселесине да ушул суу маселесинин ролу чоң. Суу топтоо маселесин Каримов 2000-жылы эле номер биринчи маселеге айланткан. Мисалга, биздин коомдук уюм Орто Азиялык проекттерден  ЮСАИД программасы боюнча Найман суу сактагычында ГЭС куруу долбоорун утуп алганбыз. Эгерде 2005-жылкы төңкөрүш болбогондо республикада 17 кичи ГЭС курулмак. Найман суу сактагычын  жана Найман кичи ГЭСти  ашар ыкмасы менен курдук. Ошол пилоттук долбоор менен таанышуу үчүн өзбек бийлиги өкүлдөрүн таанышуу үчүн жөнөтүп жатты. Ошондон көп өтпөй эле Өзбекстанда бир топ жерлерде суу топтоо көйгөйү көтөрүлүп, кичи көлчөлөрү ашар менен түзүлүп, бүгүнкү күндө суу маселелерин чечип келет. Ошон үчүн да лар Кыргызстандагы ГЭСтердин курулушуна тымызын каршылыктарын көрсөтүп келе  жатышат.

– Үңкүр-Тоо маселесинде кыргыз бийлиги менен Өзбекстандын сүйлөшүүсүнөн майнап чыгабы же өзбек тарап сыртын салып, биздин жерди ээлеп алуунун аракетин көрөбү?

– Бул маселени да бир отурум менен чече алышпайт. Биз жактан эрктүү, ошол элдин  өкүлдөрү сыйлаган билимдүү, нарктуу өкүлдөрдү жөнөтүш керек. Ал делегацияга  депутаттык топтордон жана көз карандысыз эл аралык конвенцияларды билген адамдары кошуш керек. Анткени, эл аралык бөлүмдүн башчылары жаңы магистратураны  сырттан бүтүп жатышканы үчүн тажрыйбалары абдан төмөн. Мисалы, мен бекер кошулуп,  документтерди даярдап бергенге даярмын. Мага окшогон дагы бир топ  укук коргоочулар мамлекетибиз үчүн  жардам берүүгө даяр.

– Токтайым эже, Конституцияны коргоп калуу боюнча жыйында эмне үчүн Текебаевге каршы пикириңизди айтып, жыйынды бузууга аракет кылдыңыз? Ошол аракетиңиз үчүн эл арасында сизди “чагымчыл” дегендер да болду го. Буга кандай жооп кайтарасыз?

– Алардын жыйынына тоскоолдук кылуу оюмда деле жок болчу. Чет өлкөлүк достор келип, “Ак кемеде” жайгашып калыптыр. Аларга барсам,  мени да “жыйынга кирсеңиз, катышып кетсеңиз, кечээ сизди Текебаев чоң жыйында көзү сокур, бүкүрөйгөн  колу, буту мунжу ветеран менен салыштырганын бүгүн улантканы жатат” деп калышканын  жыйынга кирдим. Текебаевдин жанында Мавлян Аскарбеков менен Равшан Жеенбеков отуруптур. Мага орун беришти. Модераторго записка жиберип, өз пикиримди билдирейин деп сурандым. Текебаевке 15 минут берди. Ал ойду-тоону оттоду. Мени кээ бир сөздөрүнө кыпчып кетип жатты. Андан кийин мен трибунага чыгып , “ветеран” катары  суроо берип, 7-апрелде түрмөдөн  “Токтайым ветерандын” элди башкаруусу менен бошотулуп аянтка келгенде “бир сөз айталбай тилиң буулду эле. Анда сага бүкүрү ветеран керек эле, бүгүн анын кереги жок болуп калдыбы?”- деген маселени көтөрдүм. “Кишинин артынан ушакчылар гана сүйлөйт. Кел бетме-бет сүйлөшөлү”- десем, мен берген суроолорго нес болуп жооп бере албай калды. Ошондой эле “элди алдап, коргомуш болуп жаткан Конституциянын баштапкы мыйзамдары кайда?”- дедим. Ошондой эле  мародёрчулук жана Конституциянын тексттеринин алмашканы боюна түз эфирге чакырдым. Колумда соттун негизинде чогулган 6 жылдык  материалдар бар экенин айттым. Максим Бакиевдин досу Дибиров деген чечен жигитке 2010-жылдын 14-апрелинде кабыл алып, мамлекеттин байлыктарын 8 миллиард долларга кепилдикке койгонго макулдук катын жазып бергенин, ал адамга майдын башында мамлекеттик доверенность бердиргенин эсине салдым. Кен байлыктарды эл аралык конвенциянын  тоскоолдуктарынан чыгарып,  кыргыздын кендерин, “Кумтөрдүн” алтындарын, Кызыл- Кыя көмүр кендерин, дагы бир топ байлыктарды, Ыссык -Көлдүн 45 миң гектар жерлерин күрөөгө берүүнү көздөп, Конституциянын орус тилиндегисинен  “природный, животный и растительный мир исключительная” деген сөздөрдү алдырып, алмаштырып  таштаганын айттым. Ошондой эле Текебаевдин бул аракети  Кыргызстанды кыйынчылыкка кептеп, ХИПКке киргизүүнүн аракети болгонуна токтолдум. Жана да коалициялык келишим жөнүндө Конституцияда бир сап да жок бийликти мыйзамсыз алмаштырып, 5 жылда 6 жолу төңкөрүш жасатканын белгиледим.

Текебаев  президенттикке өтпөй каларын билген соң “Эркин-Тоого” чыккан Конституцияны жок кылыш үчүн  ПРООНдо иштеген тааныш кыз-келиндер аркылуу алынган акчага чоң тиражды чыгарып, “Эркин-Тоонун” үлгүлөрүн жоготтурууга аракет кылган. Конституцияны чыгаргандан калган акчага Бакиев Максимдин  менчиктелген   “Витязь” пансионатындагы резиденцияга бир жума Дүйшөбаев, Каптагаев болуп ПРООНдун эсебинен эс алышкан. Текебаевдин  тегерегиндегилердин баары эле бир топ  жылдан бери түшпөс хан болуп жүрөт, бул  мыйзамды тааныйт деп эле, ал не десе ошого макул болуп жүрө беришет. Анткени, өздөрү изденгенден эринет. Текебаев болсо мансап топтош үчүн ар кайсы сырткы күчтөр үчүн бир топ мыйзамдарды талкалап терип, алмаштырып көнүп калган. Орусча айтканда уурулук кармалбай жүрүп дартка айланган.

– Текебаев  Ниязов катышкан  жыйында “бийликтин ишенгени жалгыз Токтайым болсо, анда алардын иши бүткөн экен да”- деди. Чын эле сиз бийликтин камчысын чаап, бийликтин оппоненттерине ыңгайсыз жагдай жаратуунун аракети менен алек болуп калдыңызбы?

Мен бийликтин камчысын мындан мыкты шарттарда да чапкан эмесмин. Чаппайм дагы. Бийликтин камчысын чаап, бийликтин адвокатына айлансам эбак эле бийликке бармакмын. Элге жаман көрсөтүш үчүн Текебаев мени каралоо максатында “бийликтин Токтайымдан башка ишенери калган жок” деген ойду кыйытып жатат. Антип кырчаңгыланыштын кажети жок.  Дагы белгилеп кетейин, Атамбаев аны сөгүп, Сариев экөөбү, ошондогу биз топтоп жаткан оппозициялык коалицияга кошула албай  жүрүшкөндө, “матрешкагейт” менен Польшада кармалган. Спикерликке 2005-жылы акаевчилердин жардамы менен келген. 7-апрелде чуркап барып КГБга колго өз эрки менен түшүп берген.  Азыркы айтканы жөнөкөй гана бет тырмамайы. Азыркы иши эри менен мушташа кетип үйүнөн чыгып кетип, кайра үйүнө кантип кирерин билбей,  эрине ар кимди тануулаган ары жок айымдар кыла турган ишке барабар нерсе болуп жатат.  Кечээ эле шордуу Орусияда курман болгон кыздардын артына жабышып, “Көчмөндөр оюндарын токтоткула, эч ким барбасын, аза күтөбүз” деп Салянова айым экөөсү  кыйкырмыш болуп жаткан. Бирок, аталган оюнга Атмабаевден мурун акшыңдап жетип барганы маалым.

– Бир мезгилде сиз сындап жүргөн Текебаев менен бир командада элеңиз. Бири-бириңерге ор казып,  каршы болуп калышыңарга эмне себеп болгон?

– Мен бийликтин эмес, Өмүрбек Текебаевдин камчысын абдан чаптым. Атамбаевге ошондой камчы чаап берсем, бүгүн төрдө отурмакмын. Тилекке каршы Сариев, Текебаев, Каптагаев, Дүйшөбаев, ошол эле Роза эжеме кетирген эмгектериме, каражатыма жана да короткон алтын убактыма ичим ачышат. “Адамды билиш үчүн бир кап туз жеш керек”- деген сөз чын экен. Текебаев экөөбүз КГНУда окуп жүргөндө тааныштык. Ал кыргыз группада, мен орус группада болдум. Өзү бизден бир топ улуу, анан эмнегедир үн-сөзү жок дайыма ак мурду учтуу туфлилерди кийген жигит эле. Кийин жакшы келинчектүү болуп, “кара кыздын агынан эмес, багынан” дегендей, жакшы жерден кайын журт күтүп, биринчи президенттин тегерегиндеги айымдардын жардамы менен Майрам эжеге жакындап, биз физиктер түптөгөн  “Ата Мекен” партиясынын башына ар кандай интрига менен жетти. 2010-жылга чейин мен ак дилимден жардам бердим. Ошол  кезде жүрөктөн кан төгүлүп турган кезде Конституцияны өзү каалагандай калчап, алмаштыруу жолуна кеткенин көргөн соң мен ачык айттым. “Азыркы ишти  кылсаң экөөбүз эки башка жол менен кетебиз” дедим. Ал мага “Ата Мекенге” экинчи болуп кир андан көрөкчө” деп кайрылды. Мен “депутат болбосом да  ыраазымын, кыйраган элди көрүп туруп кантип мындай бетсиздикке барасың”- дедим. “Конституциянын өзгөрткөн тексттериңди  талкуулатпай алып кетип жатасың. Аны чыгарсаң экөөбүз ушул бойдон  карама каршы жакка кетебиз” дедим. Айтканындай эле “Эркин тоодон” биз карабаган текст жарык көрдү. Ошол күндөн баштап өзүм куугунтукка илиндим. Шыкмаматов Конституциянын негиздери боюнча Текебаев менен каршы пикир жаралгандан кийин, ордун тапшырып, министирликтен кетти. Кайра бир жумага жетпей, “Ата-Мекендин” алдынкыларына кошулуп, шайлоого чыкты. Себеби, башкармасы баштаган ишти аягына чыгарып, “тазалап кеттим” деп ойлоду.

– “Референдумда баш мыйзам долбоорун элдин 98 проценти колдогон жок” дегенине кандай баа бересиз?

– Референдумга элдин жарымы катышкан эмес.  Ал кезде түштүк коогалаңы болуп, өзгөчө  кырдаал киргизилип турган кез эле. Түштүк жергесинде эл иш жүзүндө добуш бергенге келген эмес. БШКнын алар добуш берген күндө да, аны эсептегенге акысы жок болчу. Анткени, өзгөчө кырдалда турган региондордо добуш берүү процессине бүткүл дүйнөдө тыюу салынат. Түндүктө деле эл келген эмес. Болгону добуш берүү 30 процентти гана түзгөн.

– Отунбаеваны ким президенттик такка көрсөттү  эле?

– 7-апрелдин алдында чогуу жүргөн он чакты адам кыска мөөнөттө 2005- жылда Текебаевди спикерликке алып келгендей эле парламентти чогултуп, Роза эжебизди президентин убактылуу ишин аткаруучу катары шайлоо максатында күнү-түнү чуркап, 70тен ашык депутаттын башын коштук.  “Ак Кемеге”  чогулттук. “Роза эже, ушундай макулдашууларга келдик, сизге президентин ыйгарымдуу укуктарын өткөрүп, депутаттар өздөрү отставкага кете турган болду. Жолукчу күндү такташтык”,- деп кирдим. Роза эже “эркектер эмне дейт, ошолор менен акылдаш” деди.  Мен Атамбаев, Текебаев, Сариев,  Бекназаровдун алдынан өттүм. Атамбаев: “мен макулмун, Роза эжени колдоп берем” деди.  Текебаев мени көрүп “сен аныңды кой, анан көрөкчө антимонополный министрлигин ал да жанагыдай нерсени токтот” деди. “Сени да ушинтип  күнү-чуркап жүрүп,  спикерликке алып келбедик беле” дедим. “Спикерлик башка. Мен каршымын”- деди.  Сариев болсо  так секирип, үнү буулуп,  кыпкызыл болуп кетти. “Эгерде Отунбаева президент болсо, анда Атмабаев премьер болот, демек мага эч нерсе жок экен”- дегендей аран олтурду. Бекназаров болсо “сага орун тийбей калды го, анан көрөкчө сага орун караш керек экен, бул эркектердин ишине киришпе”-  деп койду. Ага карабай бир топ алдыда жүргөн балдар Каныбек Карабаев, Улук Тукеналиев, Манас Акматовго окшогон жигиттердин жана депутат келиндердин жардамы менен Масалиевге жолугуп, чогулушту дайындадык. Спикер З.Курманов менен байланышта болгон депутаттар менен акылдаштык. Ал “келбеймин” дептир. Саат 4кө “Ак Кемеге” чогулуш уюштурдук. Ошол күнү эрте менен Роза эжеге кирип тизелеп, чөгөлөп  жалдырадым. “Роза эже, ушунча кан төгүлдү, сизди колдойлу, кырдаал оор. Июнда Ошто чоң чатак болору тууралуу кабарлар келип жатат. Сиз президентин убактылуу милдетин аткаруучу болуңуз. Мына депутаттардын койгон  колдору, ар бир кол койгон депутат менин офисиме келип кол койуп беришти. Президенттик  укукту убактылуу аткарууну мыйзамдуу түрдө сизге өткөрөлү”,- дедим. “Ак Кемеге барам” деп туруп, келбей койду, саат 5ке чейин күттүк. Аргасыздан исхак Масалиевди убактылуу президенттин милдетин аткаруучу катары депутаттар колдоп берип, өздөрү өз эрки менен отставкага кетип, жыйын жабылды. Ошондо эженин ырыскысы тая баштады.

– Дүйнөнү дүңгүрөтүп жаткан Көчмөндөр оюну Атамбаевдин кадырын көтөрдүбү?

-Көчмөндөр оюну президенттин кадырын да, кыргыз элинин абройун да көтөрүп,  келечекте Кыргызстанды көчмөндөрдүн брендине айланышына шарт түздү. Көчмөндөр оюну  кыргыздын зоболосун бийик көтөрүп,  дүйнө жүзүндө кыргыз менен бир тууган элдердин башын кошо турган саясий  ишке айлана баштады. Быйылкы көчмөндөр оюну уюштуруучулук деңгээли да, келген коноктордун саны да былтыркыга салыштырмалуу алда канча жогору болду. 2014-жылы жылы аталган оюнду өткөрүп, Кыргызстан карызга батса, быйыл билет сатуу менен көп чыгымдарды жаап кетти окшойт. Келечекте бул идеяны туура алып кете алса, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык уюштуруу тобунун башында экс-президент Атамбаев калышы мүмкүн.

Асылкан кызы Перизат

Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: