Кечээ 8-сентябрь күнү экинчи жолу өтүп жаткан Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды. Жогорку деңгээлде өткөнүнө баарыбыз күбө болдук. Көпчүлүк алакандай кыргызга ыраазычылык айтып бүтө албай атат. Ал эми элибиз болсо бул жакшы саамалыкка чын ниети менен кубанып, анын уюштуруучуларына бали деп турган чагы. Бирок кыргызда мындай ийгиликтердин «ээси» болгусу келгендер четтен чыгат эмеспи. Дегеним, ушул ийгиликтүү саамалыктын «автору» болгусу келген Ысык-Көл областынын губернатору Аскат Акибаевди айткыбыз келип туру. Ырас, учурда ал жетектеп жаткан аймакта өттү. Бирок бул деген Акибаев идея тууп, каржылап салды дегенге жатпайт да. Жана да бул бир гана ысыккөлдүктөрдүн иш- чарасы эмес. Маселен, Көчмөндөр оюну өтүп жатканда бул эргулдун: «Мына, мен уюштурган иш-чараны көргүлө»,- деп жанындагыларга мактанганын көргөндөр жерге түкүрүп келишиптир.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ