Өмүрбек Бабанов жакында эле «Техно PARK» деп аталган чоң соода түйүнүн ачты. Ага улай эле «Asia Mall» деген ири соода борборунун курулушун жүргүзүп, аны да кеч күз ишке киргизээри анык болуп калды. Орусиядагы заводу да күркүрөп иштеп жатат. Мыйзам боюнча депутат бизнес менен алектенсе болбойт, бирок акча агылып турбаса, уйкусу келбейт эмеспи. Жайы менен парламентте эл менен жолугушуу жарыяланганда Бабанов жеңин түрө бизнесин гүлдөтүп жүргөнү көпчүлүктүн көңүлүн калтыргандай. Баягы шайлоо алдындагы убадаларын байкебиз эчак унутканын карапайым калк деле аңдап-билип калгандай…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ