Menu

Наралы Асанбаев, журналист: “Текебаев эркек экенин 5 жыл мурун көрсөтпөйт беле? Эми аны Атамбаев пайдаланылган чочок каптай ыргыткандан кийин “эркекмин!” деп итиреңдебей”

Бөлүшүү:

Ажо Атамбаевдин майрам күнү аянтта алоолонуп сүйлөгөн сөзүнөн кийин кыргыз саясатчыларында принцип деген түк жашабай турганын дагы бир жолу көрдүк.  Чындыгында, өлкө башчысынын борбордук аянтта ошончо элдин алдында “теке”,  койлор”,  “саясык саясатчылар”, “бузукулар”, “жалганчылар”, “камалат”, “жазаланат” деп сүйлөгөнү көчөдөгү дайди сөздөрдүн теңи болду. Бир кезде чогуу жүргөн санаалаштарын боктоп жибергени этикадан жат экенин көрсөтсө, бер жагы төңкөрүш жасагандар бир идеянын тегерегинде бирикпегенин, бийликке эптеп жетсем, андан аркысын көрөбүз дегендер экенин ырастады. Атамбаев “мародерлор, банктагы ячейкадан тыйын алгандар, Батыровго окшогондорду качыргандар өз жазасын алат” деп айтканы, мушташта таяк жеген жаш баланын “Азыр көрөсүң, жеп жутам” деп жер муштап бакырганындай эле кеп болду. Болбосо,  мародерлорду 6 жыл ичинде таап, оозун Ошту каратып, энесин Үч-Коргондон көрсөтүп койгонго бийлиги да, күчү да жетет болчу го. Зарылбек Рысалиев мародерлорду таап чыгам, далилденип жатат дегенде аны иштен алгандын ордуна толук мүмкүнчүлүктү бербейт беле. Түштөн кийин айкырганы эмнеси? Элдин көзүнчө жазаланат, камалат деп айтсам, көпчүлүк колдоп кетет дегениби?

Банктагы ячейкадагы тыйындарды сөз кылуудан мурун, ошол кезде Атамбаев ким эле, кайсыл кызматта олтурган? Төрайымдын биринчи орун басары болуп, каржы маселелерин чечип жүрбөдү беле. Бүгүн “мен тазамын, калганыңар сасыксыңар” деп актана берсе жараша береби? Убактылуу бийликтегилердин калпыс иштерин ашкерелеп жүргөндөрдү эл душманындай көрүп, бакиевчилер, ошолордун куйруктары, үйлөрүн өрттөйбүз деп жүргөн кезин унуттубу. Убактылуу Өкмөткө мүчө болуп КСДПдан төрт адам кирген. “Ата-Мекен”, “Ак-Шумкар” сыяктуу  партиялардан мынчалык адам мүчө болуп маселе чечкен эмес. Ячейкадан алынган акчалар төңкөрүштү жасаган партияларга түштүктөгү жаңжалды басууга адамдарын жөнөтүү үчүн бөлүнгөн. Муну Атамбаев билсе керек. Айрым  маалыматтар боюнча “Форумдун” жанындагы апрель ыңкылапчыларына арналган эстеликти курууга 8 миң доллар ячейкадан алынган акчадан бөлүнгөн деп айтылып жүрөт. Демек, ал жерге эстеликти президент өз чөнтөгүнөн тыйын коротуп койдурган эмес десек болобу?

“Батыровго окшогондорду өлкөдөн чыгарып жибергендер жазаланат” деген сөзүн уккан Кадыржан Батыров “Балли Алмаз аке” деп мыйыгынан күлүп, көк чайды чайпап ичип жатса керек. Кыргыз менен өзбекти кагыштырган сепаратист Батыровдун мыйыгынан күлө турган жагдайы бар экен. Ал 2012-жылы эле Би-Би-Сиге маек берген. Анда “2010-жылдын май айындагы Жалал-Абадда болгон окуялардан кийин Убактылуу Өкмөт менден суранды. Бакиевчилер кыргыздарды сизге каршы кайрап атышат, кырдаал бир аз тынчыганга чейин четке чыгып туруңуз дешкен соң, мен Кыргызстан-Тажикстан чек арасындагы Кайраккум суу сактагычына жакын жерде жашап тургам. 2010 жылдын 10 июнунун алдында өзбек улуттук маданий борборунун жетекчилери жана борбордун ардактуу кишилери Бишкек шаарына барып, Алмаз Атамбаевдин жеке өзү менен жолугушушту. Ошондо Атамбаев: «Кадыржан акеге барып айтып койгула. Ушунча чыдады дагы бир аз чыдап турсун. Эгер жашай турган жери болбосо менин Москвадагы өйүмө барып турсун. Москва болбойт десе, Туркиядагы үйүмө барсын. Баары жакшы болот, сабыр кылып турсун. Кадыржан аке кайтып келет, дагы чогуу иштейбиз» деп Жалалидин Салахидиновго айтыптыр. Кайраккумда турган кезимде Атамбаев менен жолугушкан кишилер 10- июнь күнү менин алдыма келишип, болгон сөздү айтып беришти…” деп айтат. Сепаратистти ким чыгарганын тактоо кыйынга турбаса керек. Батыровду Түркиядан көргөн адамдар бар. Ал жактан ал кишини алып келүү кыйынга турбаса керек. Баардык күч түзүмдөрү президентке баш ийип турганда, жалгыз адамды алып келүү  Батукаевди аэропорттон узаткандан да жеңил да.

Президенттин “теке” деп айткан сөзүнө теригип, азыр анын Конституциялык реформасына каршы чыгып жаткан Текебаев Атамбаевдин азыркы абалга жетишине өз салымын кошуп келген. Түштөн кийин “Баатыр” болгонду ал дагы токтотсо жакшы болмок. Кечээ күнү “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө Өмүкең “Мародёрлорду таппайбы. Дагы бир жылы бар. Мародёрлорду жакшы издеп чыкса, өзүнүн партиясынан чыгат. Эгер таба албаса, мен жетелеп алып барып көрсөтөм. Мен кайрылат элем: “Атамбаев, мен – Текебаев, эч жакка качпайм! Бир жылың бар. Тап! Таппасаң, мөөнөтүң бүткөндөн кийин сени менен өзүм сүйлөшөм. Эркек болсоң тап!  Мен – Текебаев  эркекмин! Эч жакка качпайм!” – деди. Текебаев  5 жыл мурун эркек экенин көрсөтпөйт беле! Атамбаевдин айткандарын, Баш мыйзамда көрсөтүлбөгөн укуктарды мыйзам аркылуу өткөрүп берип, анын бийлигин күчтөнтүп жүрбөдүбү. Бийликке жакпаган адамдарды алып түшүп атты го. Бүгүн Атамбаевсиз эле коалиция түзсөк болот деп айтып жатат. Муну эбак эле жасаса, ажо, анын администрациясында жүргөндөр ажыдаарга айланмак эмес.  Өлкөдө башкача башкаруу орун алмак да, гитара менен ырларын созолонткон адам 7 эмес, 17 ыр жаздырып салмак. Азыр да Текебаев Атамбаевге ачык оппозиция болуп чыга албайт. Ыңгайы келгенде ойт берип ойноп кете берет. Буга да мисал келтирейин. Азимбек Бекназаровго “Президенттин Конституциялык реформасына каршы бирге туралы” деп өз адамын жиберет. Азике “Мен Текебаевге ишенбейм. Ал ойноп кетет. Эгер чогуу болсок экөөбүз жанаша олтуруп “Президенттин реформасына каршыбыз” деп маалымат жыйынын берели. Менин көзүмчө телефон чалып сура?” дейт. Ишенген адамы Текебаевге телефон чалып, Бекназаровдун айткан сөздөрүн айтса “Жок, мен Бекназаров менен чогуу олтуруп маалымат жыйынын бере албайм. Ал радикал. Мен Атамбаевдин саясатына каршы чыкпайм” деп айтат. Азыркы күндө Баш мыйзамыбыздын “атасымын” деген Текебаевди президент колдонулган чочок каптай ыргытып салганына ичи ириңдеп турган кез.  Бир кезде”Аскар  Акаев менен Майрам Акаеваны Румын президенти Чаушескудай атып салыш керек!” деп катуу сындап чыккан, кийинки президент  Бакиевди “ит болдуң, асынып ал” деген Текебаев азыр Атамбаевге азуусун сала албай, кайраттан кайтып калгандай. Конституцияга өзгөртүүнү Акаев менен Бакиев деле киргизип келген. Экөө тең ошол өзгөртүүсү менен кыргызды өзгөртө алган эмес. Атамбаев деле өзгөртүү киргизгени менен эч нерсени өзгөртө албайт. Тескерисинче, өзүнүн президенттиктен кетээр күнүн жакындатат. Текебаев болсо Акаевге Конституциялык реформаларды өткөрүүгө жардам берип жүрүп, “заслуженный юрист” наамын алып жумшарганы эле болбосо, эл арасында жарытылуу саясий упайга деле ээ болгон эмес. Азыр деле Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө “жасалма” оппозиция болуп, саясий шоу жасаганы менен элдин ишеничине кире албайт. Элдин ишеничине ээ болуу үчүн Текебаев жалгыз гана Конституциялык реформага гана каршы болбой, Атамбаевдин саясий системасына каршы чыгуусу зарыл.

Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы-Ордо”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: