Menu

Эки жүздүүлүктүн чеги болуш керек го, Роза айым?..

Бөлүшүү:

Ооба, Конституция бизди бөлүп-жарбай, тескерисинче, бириктирүүгө тийиш. Бул сөзүңүздө, албетте, калет жок. Чындыгында ким эле жакшы нерсени жаман кылайын деп ойлосун? Албетте, эч ким. Бирок, ой жетсе да кол жетпеген, кайрылып келгис закым турмуш өзү көрсөткөндөй, өткөн беш жыл арасында көп нерселер да кайрылгыс болуп өзгөрүп кетти. Ал тууралуу өзүңүз да айтыптырсыз, кыраакылык кылып: “Коом өзгөрүп турарын, дүйнө өзгөрүп турарын, аларга ылайык жаңы талаптар, жаңы тарыхый кырдаалдар пайда болорун биз да түшүнөбүз. Конституцияга деле өзгөртүүлөр зарыл болуп калат, баардык жагынан төп келген документ болбойт” деп.

Анан эле кайра тетири сүйлөп: “Бирок пайда болуп жаткан тобокелчиликтер менен коркунучтар мурдагы келишимди жокко чыгарууга, элдин ишениминен ажыроого татыбайт, элдин биримдиги менен коомдун туруктуулугу барынан жогору” депсиз. Акыл-эси ордунда, ак эмгеги менен кызмат кылып, малын багып, жерин айдап, үй-бүлөсүн жана элин багып жаткан кыргызстандык ар бир жаран үчүн сиздин бул коркутуп айткан сөздөрүңүз таптакыр эле түшүнүксүз болуп турат, “ал эмне деген тобокелчилик? Ал эмне деген коркунуч?” деп.

Сиз уруксат берсеңиз, ошол элдин атын жамынып алып, элдин биримдиги менен коомдун туруктуулугун бузууга ким жана эмне максат менен ушул чагымчыл иштерге бара жатканы тууралуу бир-эки ооз сөз айта кетейин. Эмесе, сөз башынан болсун.

Убактылуу өкмөттөн улуттук лидерге чейин

 Бул аралыкта Роза айымдын  басып өткөн жолу бир көз ирмемдей эле болду. Ошол көз ирмемдин ичинде элдин эсинде калган анча-мынча эле элестерин эскерте кетейин:

  1. Убактылуу болсо дагы Роза айым, биринчиден, Кыргыз мамлекетинин президенти катары, экинчиден, АКШнын мамлекеттик коопсуздук департаментинин (Мамдептин) жашыруун агенти (1997) жана үчүнчүдөн, Дүйнөлүк Форумдун мүчөсү катары абдан зор эмгек өтөдү. Мисалы, убактылуу президенттик укугунан пайдаланып, “Манас” аэропортундагы АКШнын “Ганси” аскер базасын дагы бир нече жылга калтырууга кепилдик берип, каргашалуу июнь окуясын иликтөөгө – финн элинин чыккынчы жараны (биздин Төлөйкан Исмаиловага окшогон неме) дөөпөрөс Киммо Кильюнен жетектеген эл аралык “көз карандысыз” комиссиясын кабыл алууга макулдугун берген. Анын максаты – Мамдептин атайын тапшырмасы боюнча кыргыз элин бүткүл дүйнөгө “Адамзатка каршы чыккан жырткыч катары көрсөтүү” эле. Ал эмгеги үчүн АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон айымдын колунан Мамдеп тарабынан ыйгарылган “Каарман аял” сыйлыгына татыктуу болду. Ооба, өзбек элинин укук коргоочусу Мутабар Тажибаева баш тарткан бул сыйлыкты алып жатып, Роза айым АКШнын Мамдепи анын эмгегин ушундай бийик баалагыны үчүн ыраазычылыгын билдирип жатып, Кыргызстандын түштүгүндө – Баткенде АКШнын дагы бир аскер базасын ачууга убада берип жиберди. Албетте, ал Анжиян окуясына кийлигише коем деп каардуу Каримовдон кагуу жеген Сэм байкесинин көңүлүн жубатып, өзбек тараптан өзүнүн өчүн алып бериш үчүн кылган аракети эле…
  2. Убагында Роза айым жетектеген Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн “ишмердүүлүгүнө” кайрылсак, “Адамды бир жаманчылыкта, бир жакшылыкта билүүгө болот” дегендей: “11 июнда Ош – Алай жолунда жайгашкан өзбек улутундагы жаштар Фурхат айылынан өтүп, Кыргыз-Чек айылына баратканда кыргыз армиясы БТР менен келип калып, эч нерсе кылбай туруп калган. Ошол убакта Азимбек Бекназаров менен Исмаил Исаков учуп барышат. Өз айылын коргоп турган 300дөй кыргыз балдарга барып жолугушат. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү турган элге өтө ачуулуу сүйлөшөт. Кыргыз балдар ага карабастан алардан “алдыга түшүп өзбек туугандарды токтоткула, бул жаңжал өзбектерге да, бизге да кереги жок, өзбек балдарда курал-жарактар көп” деп жардам сурап жатышканда, Фурхат тараптагы махалладан чыккан балдар ок атып келе жатканын көргөн тиги экөө вертолетко түшүп, учуп кетип калышат. Ошентип, 1-2 күн эки эл өзү менен өзү болуп калат… Кыскасы, утурумчулардын амбициясы менен Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн, өзгөчө укук коргоо органдарынын жана УКМКнын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев болуп, кандуу окуяга алдын ала чара көрүүнүн ордуна референдум менен алек болушуп, мыйзамдуу жолду эмес, легитимсиз жолду тандап алышканы өкүндүрөт”. (“Асман.кq” 24-июнь, 2010-ж.)
  3. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Болот Шердин “эрдиктери” тууралуу анын жердеш агасы Жумалиев Жеңишбектин айтымында: “Кана, урматтуу Болот иним,  эмне үчүн Бакиевди чыгарып жибердиңер? Калган Бакиевдер кана?” дедим. Ал байкуш чыны апкаарып калыптыр. Араң сүйлөп: “Бакиевди Отунбаева чыгарды. Калгандары Жалал-Абадда” деди. Балдар: “Эгер силер (Убактылуу өкмөт) кармай албасаңар, биз кармап келебиз” дешти. Болот Шер: “Эгер барсаңар, анда 40 бала даярданып тургула. Мен барып эки автобус алып келем” деди… Балдардын айтымында, ал жерде Бакиевдердин эч кимиси жок экен, бирок кадимкидей согушка даярданып, окоптор казылып жана ал жерге 100дөн ашык ажаан катындарды даярдап коюшуптур. Алар бизге жулунуп, спецназдын балдарына асыла башташты дейт. Ошондо Бокең дагы бир “эрдигин” көрсөтүп, балдарды таштап качып жөнөптүр. Болот Шердин экинчи “эрдиги” – Текебаевди кошуп алып,  “Ата Мекен” социалистик партиясына элди үгүттөп, накта “шерлери”, катта “текелери” менен Таластын Кароол дөбөсүнө барып, 40 жылкы союп, Кудайга жалынып баабедин жасалган. Бул “эрдик” эмей эмине? Кыргыз эли кырк бээ соймок тургай, курсагынын айласын таппай тентип жүрөт. Баса, булар 40 жылкыны кайдан тапты десе, Роза апчеси айткан 25 миллиард сом чөнтөктөрүндө калган тура”. (“Эл сөзү”, 30-ноябрь, 2010-ж.).
  4. Аз болсо да президент Отунбаеванын бир күнү КР Конституциясын кабыл алган күн – 2011-жылдын 5-май күнүнө туш келип калат. Ошол күндөрдү ЖМКларда мындай деп эскеришет: Өткөн жумада президент кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктап жатып, Башмыйзамда бир топ мүчүлүштөр бар экенин кошумчалады. Өлкө жетекчибиздин айтымында, Башмыйзамда ички жана сырткы саясатты жүргүзүүчү конкреттүү орган такталган эмес. Жогорку Кеңештин да, президенттин да ыйгарым укуктарында бул милдеттер көргөзүлбөгөн.    Ошондуктан, бүгүнкү күндө тышкы саясатты өкмөт жүргүзүп келет.    Башмыйзамдагы кемчиликтерди өлкө жетекчиси кеч болсо да оозго    алганы жакшы дечи, бирок бул коомдо өйдөөмөн пикирлерди жаратпай койгон жок. Анткени Р.Отунбаева түштүк кыргынында кайгыдан кан жутуп, эс-учун жыйнай элек элди дүрбөтүп, референдум өткөрүп, Башмыйзамды кабыл алганча шашкан. Так ушул жаңы мыйзамдын негизинде президенттик тактыга отурган. Ошол убакта шашылыш түрдө Башмыйзамды жаздырып, референдум өткөрүүнүн зарылчылыгы бар беле (?) деген нааразылыктар болгон.  “Текебаевдин Башмыйзамы” катары таанылган жаңы Конституциябыз шашылыш жазылгандыктан, толгон токой кемчиликтери байкалып, элдин анчейин ишенимине кире алган эмес. Ошо күндөрү Текебаевдин  кабинетине чымын-куюн болуп чуркап жүргөн Ишенбай Кадырбеков (Башмыйзамдын чыныгы автору) папкесинен Башмыйзамдын 4 статьясын жоготуп ийген. Аны териштирип отурбай “Эркин Тоо” гезитине ошол бойдон чыгарып жиберип, аны элге көргөзбөй гезит базардан кайра жыйнап келип, ЖКнын имаратынын жертөлөсүндө өрттөшкөнү маалым.

 Ушундай ызы-чуу менен шашылыш жаралган Башмыйзамдын  кемчиликтерин президент ошол убакта эмне үчүн байкаган эмес? Же Р.Отунбаева үчүн ал убакта бийликти легитимдештирүү, президенттик тактысын мыйзамдаштыруу гана маанилүү болгонбу?

   Кантсе да саясый аренадагы башаламандыктарды түшүнө албай элдин башы катты. “Мыйзамды сыйлоого баардык жарандар милдеттүү”   деген ураан менен бийликтегилер өзү каалаган мыйзамын киргизип   жатканы өкүнүчтүү. Эл мыйзамга, мыйзам бийликке баш ийген доордон канткенде өтөөр экенбиз…” ( “Апта”, 12-май, 2011-ж.)

  1. Роза айым президенттик милдетин тынчтык жолу менен жалпы эл шайлаган президентке өткөрүп берип жатып айтканын коомчулук унута элек: “Оор кырдаалдарда сабырдуулук, кайраттуулук, акылмандуулук менен мамиле кылган Кыргызстан элине ыраазычылык билдирем. Түштүктөгү кан төгүүнү токтото албай калгандыгым үчүн кечирим сурайм. Ошону менен катар өлкөнүн бүтүндүгүнүн сакталып калышына болгон күч-аракетимди жумшадым”.

Ал эми өзүнүн мындан аркы кадамдары туурасында сөз кылып жатып, элдин пайдасына иштеген ар тармактуу фонд түзүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө жардам берүүгө дилгирленип жаткандыгын айтты. Чындыгында эле 2013-жылы “Жаңы Агым” гезитине интервью берип жатып айтканы эсибизде: “Мен ушул жылы “Отунбаеванын демилгелери” аттуу эл аралык фонд түзүп, мектепке чейинки билим берүүнүн лидери болгон жатам” деген билдирүү жасаган. Андан ары: “Мен өткөн декабрда ЮНИСЕФтин башчысы, Дүйнөлүк банктын тиешелүү жетекчилери менен сүйлөштүм. Алар биздин иш-чарабызды колдоп, мектепке чейинки билим берүүгө 14,5 миллион доллар каражат бөлүп берип жатышат. Бирок биздин бюджеттен да атайын чоң жардам болушу керек”.

Ооба, бары ошондой болду. Бирок бир гана кемчилиги – ошол бөлүнгөн каражаттардын бир центи, же болбосо бир сому да ошол мектепке чейинки  балдардын билим алуу көйгөйүнө, же болбосо Кыргызстандын айыл-кыштактарында жашаган өспүрүм балдар үчүн бир да бала бакчанын ачылышына, бир да баланын тарбияланып, билим алышына сарпталган жок. Болгону Бишкек, Нарын, Талас шаарларынын борбордук аянттарында мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдардын бир жолку көргөзмө оюндары (показательные игры) уюштурулуп, асфальтка сүрөт тартышып, ырдап, бийлеп, жеңүүчүлөргө майда-барат белектер таратылып берилди. Эми, Кудайга шүгүр, анысына да ыраазычылык билдиребиз.

Айтайын дегеним, ар бир адамдын адамгерчилик сапаты, касиети – анын айткан сөзү эмес, кылган ишинин натыйжасы менен аныкталат эмеспи.

Роза айым жакшы билген жөөттөрдүн ыйык китебинде жазылгандай: “Благими намерениями вымощена дорога в ад” дейт.

Ооба, ошондон Кудай сактасын!

 Карыбай Турусбеков, тел.: 0555 788 649

Булак: “Азия Ньюс” 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: