Menu

COVID-19: Тажикстан ооруканаларында бейтаптар үчүн орундар жетишсиз болууда

Бөлүшүү:

Тажикстанда күн өткөн сайын COVID-19 илдетинин белгилери бар байтаптарды ооруканаларга жайгаштыруу оорлоп баратат. Орундардын жетишсиздигинен улам медициналык жайлар абалы оор бейтаптарды гана кабыл алууда.

Расмий маалыматтарга ылайык, өлкөдө COVID-19га чалдыккан бейтаптарды дарыялай турган 5 миң 284 орундуу 30 гана оорукана бар. Ушу тапта Душанбеде вирус жуктурган бейтаптар үчүн 3 миң орундуу убактылуу оорукананын курулушу башталганы кабарланууда.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мирхамуддин Камолзода өлкөдөгү ооруканалар бейтаптарды кабыл алууга даяр экенин, бирок аларда «коронавирустун ачык белгилери» болушу керектигин билдирди.

«Коркконунан улам дарыгерлердин көзөмөлүндө болуш үчүн ооруканага кайрылып жаткандар бар. Эгер адамдын дене табы 36,7 болуп турса, ал жаткырылбайт. Температураны 2-3 күн көзөмөлдөө керек. Эгер 38ден жогору эмес, жөтөл же дем кыстыгуу жок болсо, аны жаткырууга зарылчылык жок», — деди Камолзода.

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстанда COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны 800 кишиден ашты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: