Menu

“Азаттыкты” барымтадан кантип чыгарабыз?

Бөлүшүү:

“Азаттык” радиосун кимдер гана билбейт. АКШ каржылаган бул медиа каражаты өзгөчө 2000-жылдардын башындагы Аксы каргашасын, аны улап отуруп, март ыңкылабына алып келген окуяларды чагылдыруудагы калыстыгы, оперативдүүлүгү жана таасындыгы менен атпай журттун оозуна алынганы эсибизде.

Бакиев режиминин тушунда да чыныгы абалды талдап, үй-бүлөлүк башкаруунун “формуласын” ачып берген берүүлөрү менен андагы бийликтин каарына калганы менен эл арасындагы аброюу андан бетер өсүп отурган.

Бирок азыр ошол “Азаттыктын” калк ичиндеги кадыры бир топ ылдыйлап, мурдагыдай болбой калганы тууралуу кеп-сөз көп. Өлкө ичиндеги коомдук-саясий окуяларды чагылдырууда мурдагыдай таасын анализдер жасалбай, үзүп-чолуп гана айтып-жазып калганы, көбүнчө жаңылык иретинде гана берген болуп, анысы да көбүнчө жергиликтүү агенттиктерге салыштырмалуу да кыйла кечигип чыгып калганы байкалат. Мурдагыдай курч маектер, салмактуу, күчтүү эксперттерди тартуу да солгундагандай. Кыскасы “Азаттык” азыр көпчүлүк үчүн оперативдүү маалымат булагы болуудан калып, өздөрү айтып жүргөн “башкалар айтпаганды биз айтабыз”, “ ачык айтып, ак сүйлө” деген ураандарга жооп бербей калганы байкалат. Интернеттеги соцжелелерде азыр “Азаттык” тек гана “социалдык-чарбалык медиага айланып калды” деген пикирлер арбып баратышы да буга күбө.

Айрым медиа-эксперттердин баамына назар салсак, буга радионун Бишкек бюросундагы менеджменттин чабалдыгы, кадрдык курамдын начарлап кетиши себеп болгон сыяктанат. Болбосо азыр “Азаттыкка” мурдагы бийликтердин тушундагыдай басым-кысым болгонун деле байкаган жокпуз.

Учурда бул медиа мекеменин Бишкек кеңсесин Султан Каназаров аттуу жигит башкарат. Өмүрбек Бабанов өкмөттү баштаган учурда маалымат катчысы болгон. Кыскасы ошол саясатчынын “көздөй кол баласы”. Учурунда анын “оту менен кирип, күлү менен чыгып”, кыйла эмгек сиңиргенин башкалар баамдабаса да журналист журту жакшы билет. Ошол жигит кийин деле анын партиясынын кызматын кылып жүрүп, үч жыл мурда “кайып-каскагынан жазып” “Азаттыктын” деректирлигине келип калганы да суроо туудурат. Анткени кайсы бир саясий күчтөрдүн камчысын чаап, коюн-колтук алышып жүргөн адамдын мындай медиа каражатка жетекчи болуп келиши эл аралык журналистиканын стандарт-принциптерине караманча каршы. Бул эрежеге ылайык, жетекчи эмес, катардагы журналист да кайсы бир саясатчы менен өтө жакын болбогону ийги. Анын үстүнө мурдагы “кол бала” “эки тараптуулук принцибин тутунган” бул медиа аркылуу эски кожоюндарын кези келгенде ачык да, кыйыр да пиарлап ийгени кээде кашкайып эле көрүнүп калган учурлар бар. Муну учурунда бизден башка маалымат каражаттары деле жазып чыгышкан.

Анысы ал болсун, соңку кезде эми ошол Султан “мырзанын” кирген-чыккан адамдарга мамилеси – жеткен оройлугу, өзүм билемдиги боюнча да сөз тарап, ага нааразы болгондор, таң калгандар чыга баштады. Буга бир мисал, медициналык туризмди өнүктүрүү долбоору менен шугулданган Бишкектеги бир компания ушул жайда тажрыйба алмашуу, медицинадагы жаңы технологиялар, ыкмалар менен тааныштыруу максатында кыргыз дарыгерлеринин бир тобун Түркияга алып жөнөп, бул сапарды чагылдыруу үчүн катарына ушул “Азаттыктын” бир кабарчы кызын кошуп алат. Бүт чыгымын көтөрүп, жакшы деген жайларга жайгаштырат. Кыскасы кем-карчы болбойт. Сапар алкагында кыргыз дарыгерлери бир катар алдыңкы клиникаларда болуп, түрк дарыгерлери жасаган түрдүү операцияларга катышат. Бизге түшкөн маалыматтарга таянсак, ошол кабарчы келгенден кийин ал операцияларга өзү гана катышкандай маанайдагы видеосюжеттерди сайтка чыгарат. Кыргыз дарыгерлерин керектүү жерде көрсөтпөй, иштен кийинки чарчап, шалдырап отурган учурлары тартылган кадрларды берет. Сапарды уюштургандар буга ичи чыкпай, чогуу барган дарыгерлердин нааразылыгынан улам калган материалдарды чыгарарда макулдашып алуусун өтүнөт. Бирок кабарчы кыз ушул жерден “силер мага үйрөтпөгүлө, кандай кылсам өзүм билем” деп тескериленип киргенде компания жетекчиси менен координатору “Азаттыктын” кеңсесине баш багып, директор Султан Каназаровго ошол кабарчыны чакырып, чогуу чаран сүйлөшүүнү сунуштаса, ал дароо “тескери тонун кийип” опурулуп кирет. Келген конокторго сөөмөй кезеп, “мен көрсөтөм силерге, түбүңөргө жетем” деп күпүлдөп, бөлмөсүнөн кууп чыгат. Мындай коркутууга, журналисттик этика тургай, адамгерчиликке сыйбаган мамилеге кабылган коноктор айла жок “эл аралык аталган медианын жетекчисинин деңгээли ушул болсо…” деген ойдо кеңседен чыкканча шашат. Бул боюнча кийинчерээк “Азаттыктын” Прагадагы жетекчилигине кайрылышкан. Бирок ал жактан “бир жумада жооп беребиз” деген бойдон башка жооп болбоптур. Угушубузга караганда, бул эки киши Султан “мырзанын” мындай оройлугуна туш болгон алгачкы адамдар эмес. Андайлардын арасында белгилүү саясатчылар, башка мекеме-уюмдардын өкүлдөрү да бар экен.

Дагы бир мисал, мурдараак “Азаттык плюс” телеберүүсү сойкулук боюнча берүү тартып, анысына Ош аэропортунан чыгып келаткан кыздар тартылган кадр чапталып калат. Дал сойкулар боюнча сөз болгон жерде ошол кыздардын жүзү даана көрсөтүлгөн кадр эфирден кетет. Ал кыздар билим берүү долбоору боюнча иштеген Бишкектеги бир таасирдүү мекеменин кызматкерлери болуп чыгат. “Силерди телевизордон сойку деп көрсөттү” деген сөздөрдү уккан бул үч кыз чыдабай кетип, түз эле “Азаттыктын” кеңсесине келсе ошол эле Султан Каназаров аларга да опурулуп, кууп чыккан экен. Бирок кийин андан өйдө турган жетекчилер ишти териштирип, “Азаттык” ошол эле КТРКнын эфири аркылуу кийинки берүүлөрүндө ал кыздардан кечирим сурап, түшүндүрмө берүүгө аргасыз болот. Мындай кечирим суроого баруу айла жоктогу акыркы чара экенин өзүн сыйлаган ар бир медиа мекеме жакшы билет. Ага карабай, ал кыздар сотко кайрылып, иш соттон сотко өтүп отурганын да эшиттик. Сот демекчи, буга чейин да ушул эле радио бир молдону бачабаздыкка айыптап, ал молдо сот аркылуу ири өлчөмдөгү айыпка жыгуу менен утуп алганын азыр айтылуу аалым Чубак ажы айтып жүрөт. Сот өндүрүшүндө азыр деле “Азаттык” боюнча мындан башка да арыздар бар экенин угуп калдык. Негизи эл аралык журналистиканын эрежелерин карманган, баарын эки тараптуу, калыс, тактап чагылдырган медиа эзели сотко кабылбаш керек, кабылса да эгер чын эле калыс чагылдырса айыпка жыгылбаш керек. Башкача айтканда сотко кайрылууга себеп болгон жагдайларга жол берилбеши шарт. Демек, бул жерде да баягы эле жетекчинин кыраакылыгына, профессионализмге, журналисттик деңгээлге байланышкан маселе жатат.

Кадр демекчи, акыркы жылдардагы архивине көз салсак, андагы кемчиликтерди, “Азаттыктын” принциптерине көп шайкеш келе бербеген материалдарды, тандаган темаларын, анан калса келегей, тилдик эрежелерди сындырган сүйлөм түзүлүштөрүн карап отуруп, эфиринен “эжелеп, какап-чакап” сүйлөгөндөрдү, маекке чакырган эксперттерге берген кызыктай суроолорун угуп туруп кадрдык курамды өтө деле профессионал, мыкты деп айтканга ооз бара бербейт. Бул медиа уюмдун Бишкек бюросундагы атмосфера, кызматкерлерге мамиле боюнча да ар кыл айың кептер чыга баштады. Угушубузда, кыргызды ар качандан бир качан тушап келген “кыргызбайский” чылыктар бул мекемени да чырмаган сыяктанат. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, өз үнү, өз жүзү бар дасыккан, тажрыйбалуу кызматкерлердин бир даары жетекчилик менен келише албагандыктан өз эрки менен иштен кетсе, дагы бирлерин ар кандай айла-амал менен четтетип жатыптыр. Алардын ордуна келгендер керектүү жүктү көтөрө албай, анын кесепети жалпы деңгээл менен ишке тийип жаткандай. Бул боюнча албетте океан ар жагындагы кожоюндар билбеши мүмкүн. Андыктан Бишкектеги АКШ элчилиги деле андагы абалга бир көз салып койсо ашыкча болбостур.

Ошол эле кезде тиешелүү тараптарга андагы чыныгы абалды ашкерелеген кайрылуулар даярдалып, көз карандысыз эксперттик топтор өз демилгеси менен “Азаттыктын” материалдары өз миссиясына канчалык төп келип-келбей жатканын иликтөөгө ала баштаганын да кулагыбыз чалып калды. “Уккан кулакта жазык жок” албетте, неси болсо да жыйынтыгын күтө туралы.

Султан Каназаров “Азаттыктын” Бишкек бюросун жетектөөгө кантип келип калганы жана анын ишмердигине байланышкан башка жагдайлар боюнча да бизге бир топ маалыматтар түшүп жатат. Бул боюнча биз да журналисттик иликтөөлөргө кириштик. Албетте, айтабыз дешсе “Азаттыктын” жетекчилигине да бул боюнча сөз берүүгө даярбыз.

А азырынча “Азаттыктын” азыркы карманган позициясына жана даярдаган продукциясынын сапатын комчулук кандай баалап жатат, эксперттерге сөз узаталы…

Канышай Мамыркулова, журналист:

“Бүкүлү бойдон жута бербей, ылгашыбыз керек”

– “Азаттык” Кыргызстанда тараптарсыз маалымат берүүнүн позициясын карманганга аракет кылып келет. Бир тараптуу болуп кеткен жагдайлар дагы жок эмес. Бул айрыкча, Жанар Акаев менен Чубак ажынын маселесинде байкалды. Бирок, ага карабастан оперативдүү маалыматты окурмандар гана эмес, журналисттер деле “Азаттыктан” пайдаланабыз. Анын эмнесин жашырабыз. Ошондуктан окурмандар болобу, угармандар болобу “Азаттыктын” берген продукциясын “бүкүлү бойдон жута бербей” ылгашыбыз керек. “Азаттык” түгүл, аалам идеалдуу болбой калды. Мындай абалда аларга карата “чындыкты сөзсүз силер айтышыңар керек” деген позицияны карманбай, “чындыкты тууралап кабыл алганды үйрөнөлү” дегенге дагы даяр болушубуз керек. Бир жагынан “Азаттыкка” альтернатива боло турган басылма болбой жаткандыгы дагы адамдардын “Азаттыкка” болгон “таарынычын” пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан айыпты акыйкатка жеткибиз келсе, “Азаттыкты” эле тиктей бергенден абайлашыбыз керек…

Өмүрбек Абдрахманов, экс-депутат:

“Иш жетекчиден көз каранды”

– “Азаттыктын” Уставында бир гана негизги иши каралган, ал “Демократиялык баалуулуктарды таратуу”. “Азаттык” Венера Жуматаева жана Султан Каназаров башкаргандан бери ал уставдык талаптарды аткарбай эле күнүмдүк маселелерден башы чыкпай калды. Эгер биз элибизге демократиянын баалуулуктарын, принциптерин жеткире албасак, эл эч качан бийликтен реформаларды талап кыла алышпайт. Демек, “Азаттык” азыр Американын Конгресси бөлүп аткан акчаны актаган жок… катардагы эле информациялык радио болуп калды… Иш жетекчиден көз каранды, а мамлекет – президенттен…

Кайып Шери, коомдук ишмер:

“Мурда “Азаттыкты” дем албай укчу элек…”

– “Азаттык” батышчыл саясатты жактайт, а Атамбаев түркчүл деп айтабыз. Жок, Атамбаев да накта Американын саясатын жүргүзгөн саясатчы. Атамбаевди күйөөгө берчү кыздай мактаган “Азаттык” аны билет. Эгер буга макул болбогондор, президенттин түрк-орус чатактарындагы кадамдарына сарасеп салып көрүшсө эле баамдай алат. “Азаттыктын” азыркы жетекчиси Каназаров Отунбаеванын жардамчысы болуп жүргөндө, 2010-жылы апрель окуясынан кийин, жакшы бала көрүндү эле. Эми бийликке жагынуунун жакшы даамын сезе бештаганбы, шилекейин бийликти мактоо үчүн чачыратууга өттү. Байкап көрсөк, “Азаттыктын” мурдагы жетекчилери да бийликке иштөөдөн баш тарткан эмес. Ошол эле Оторбаев, Молдокасымов, Чоротегин… Азыр кылган “эмгектери” бааланып, жайлуу орундарды ээлеп калышты. Венера Сагындык кызынын аталаш агасы Жыпар Жекшеев “Манас” орденин алды. Абдил Сегизбаевдин аталаш тууганы У.Эгизбаев Ардак громатасына ээ болду. Жанар Акаев эл өкүлүнө айланды. Кубат Оторбаев КТРКнын чоңу болду, андан барып Акыйкатчылыкка отуруп калды. Тынчтык Чоротегин президенттин алдындагы “Мурас” фондун жетектейт. Кыяз Молдокасымов анын орун басары. Балким, Каназаров да кайсы бир кызматты  күтүп аткандыр. Мурда “Азаттыкты” дем албай укчу элек. Азыр анда эл пикири деген нерсе дээрлик жок болду, көйгөй дегенде эле Баткендеги турмуш-тиричиликтик маселелерди алып чыгышат. Болбосо Үркүн-Тоо маселесин ушулар көтөрүшү керек эле. Делимитация-демаркация боюнча чегара кызматында иштегендер жана иштеп кеткендердин алым-сабак айтышы болуп атат, ал тууралуу “Азаттык” көптү билет, бирок унчукпай айткысы келбей турат.

Табылды Акеров,  саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты:

“Бийликти карай таш ыргытсаң, “Азаттыктын” мурдагы кызматкерлеринин башына тийет”

– “Азаттык” жөнүндө өтө көп сөздөр коомчулукта тарап келет. Башканы жалган десек да. “Азаттык” жөнүндө айткандардын чындык экендиги кашкайып көрүнүп турат. Өткөндө бир тойдо олтурган топ: “бийликти карай таш ыргытсаң, “Азаттыктын” мурдагы кызматкерлеринин башына тийет экен”,- деп таамай сүйлөдү. Бийлик “Азаттыкты” колдон чыгаруудан коркот. Себеби, андан чыккан материалдар дүйнө жүзүнө тарайт. Ошондуктан, булардын чоңдоруна, туугандарына кызмат, мамлекеттик сыйлык, акча берип, Бишкекке келген сайын жолунан тосуп алып, кайсы министр же саясатчы менен сүйлөшсөм, туугандарымдын маселеси бар экен десе, таап берип,  аларды алдына салып берип, бөйпөңдөп турушат. Анан калса, булардын айрым жетекчилери, кызматкерлери МУККнын агенттери болуп алып, бийликтен таптаза чыга албай калды деген сөздөр бар. Бирок, чынында эле эң чуулгандуу иштердин баары “Азаттыктын” кабарчылары аркылуу чагылдырылды. Ал кызматы үчүн алар чоң кызматтарды алышты, алды президенттин пресс-катчысы, ЖКнын депутаты болсо, арты мамлекеттик сыйлыктын ээси болуп калышты. Айрым иштер боюнча миңден ашкан материал берилгендигин, санап чыккандар айтып жүрүшөт. Бул “Азаттык” МУКК бир бөлүгүнө айланганын, анын төө бастымында калгандагын билдирет. Айрым аналитиктер “Азаттыктын” жетекчилигинин туугандары СССР учурунда эле КГБнын подполковник, полковниктеринен болгондугун айтышат. Ошондуктан, бүгүн “Азаттык” чындыктан тайып, толук бойдон “МУКК карамагындагы ММК каражаттарына айланды” деген сөздөр чындыкка жакын.

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: