Бүгүн 6-майда, Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Түркия Республикасына расмий сапары башталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Министр Ч.Айдарбеков өлкө жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт жана Түркиядагы диаспора өкүлдөрү, мекендештер менен жолугат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ