Menu

ТИМ: АКШда коронавирус табылган круиздик кемеде 2 кыргызстандык бар

Бөлүшүү:

Америкадагы коронавирус илдети табылган саякат кемесинде эки кыргызстандык жаран бар. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 9-март күнү билдирди.

Алардын айтымында, 5-март күнү саякат кемеси коронавируска байланыштуу карантинге алынган. Аталган кемеден буга чейин түшүп кеткен эки адамдар коронавирус табылган. 6-март күнү Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилигине АКШнын Мамлекеттик департаментинен кемеде 2 кыргызстандык бар экени тууралуу нота берген.

Элчилик кемедеги кыргызстандык жарандар менен байланышканда, алар өздөрүн жакшы сезип жатышканын айткан. Бардык жүргүнчүлөр каюталарда жайгашкан.

“Элчилик кыргызстандык жарандар менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, маселени көзөмөлдөп турат” – деп айтылат маалыматта.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: