Бизде чала кыргыздар бар,билесиңер. Алар каада-салтты, руханий байлыкты да түшүнбөгөн, түшүнгүсү да келбеген маңкурттар. Мына ошолор Ысык-Көлдө өтүп жаткан «Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына» сын көз-караш менен карашып, Чолпон-Атадагы ат майданга кеткен каражатты кыргызга ыраа көрүшпөй, «бул тойдун эмне кереги бар эле, чыгым болдук» деген өңдүү наалыган пикирлерин билдирип жатышты. Душманды алыстан издебей эле койсок болчудай экен. Кыргыз үчүн күйбөгөн «киргиздерге» эмне деп айтаарыңды дагы билбейт экенсиң. Ат майдан курулса бизде калып жатат да. Эгер көчмөндөр оюндары ойнолбосо ал ат майданга кеткен каражат акыры желип кетмек да. Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова айткандай, жакшылыктан жамандык издегендер аман эле болсунчу.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ