Борбор калаа мэри Азиз Суракматовдун коронавирус инфекциясына чалдыкканына байланыштуу, анын милдеттерин биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев убактылуу аткарат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле, муниципалитеттин маалыматы боюнча, шаардык жана ыкчам штабдар штаттык режимде иштешип жатат, бардык кызматтар жана акимчиликтер шаардын жашоосун жана көрктөндүрүлүшүн камсыз кылуу боюнча өз ишин улантып жатышат.
Белгилей кетсек, кечээ, 22-июнда Кыргызстанда дагы 205 адамдан коронавирус илдети табылды. Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 3356га жетти. Коронавирус илдетинен айыккандардын жалпы саны 2021. Ал эми каза болгондордун саны 40.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ