Menu

Мелис Карыбек: “Азыр ай жаңырды, кооптуу абал эмес”

Бөлүшүү:

Гезитибиздин өткөн санында Мелис иним менен түз байланыш  уюштуруп, көпчүлүк окурмандардын маегин жарыя кылганбыз. Андан бери деле телефондун жаагы тынган жок. 500гө жакын чалуулар болуп, анын жарымы гана байланыша алганына биз күбөбүз. Окурмандын басымдуу бөлүгү өзүнө тиешелүү суроолорун берип жообун ала алды. Азыр деле чалуулар токтогон жок жана улана бермекчи. Парапсихолог Мелис КАРЫБЕКке бу жолу өзүбүздүн да суроолорду берип, ушу нукта маекти уладык.

– Мелис, түз байланышка чыккан адамдардын саны канчага жетти, канчасына жооп бере алдың?

– Уша тапта миң болбосо да ошого жакын телефон чалуулар болду. Мен ошонун 300гө жакынына жооп бере алдым окшойт. Калганына жооп бере алганым жок. Биринчиден, бардык суроолорго жооп бериш мүмкүн эмес экен. Экстрасенстик, телепатиялык түз байланышта бир канча аралыкта телефондун ары жагында турган адамдын аурасын, анын проблемасын көрүп жооп бериш керек. Алгачкы баарлашуубуз Москвадагы биздин жердеш кыздарыбыздын трагедиясына туш болуп, аза күтүү күнүндө байланышуу туура эмес болуп калды. Кийин Көчмөндөр оюну башталып кетти. Бул да биздин түз байланышка таасирин тийгизбей койгон жок. Чын-чынына келгенде мынча адам телефон чаларын күткөн эмесмин. Анын көбүнө өзүңүз күбө болдуңуз.

– Биз артка бир кылчайып көрбөйлүбү, элдин маанайы кандай, илгерки 90-жылдардагыдан айырма барбы? Ошол эле учурда мурунку Мелис менен азыркы Мелистен эмнени байкай алдың?

– Биринчиден, бу жолу өзүмдү да сынап көрөйүн дегем. Менде эки Мелис жашайт. Бирөө кадимки эле сиз тааныган, сиздин иниңиз Мелис. Экөөбүз тамашалашып, бабыраңдап сүйлөшөбүз. Элден эч бир айырмам жок. Экинчиси – өзүм толук түшүнө элек Мелис. Ал эмне деген адам, кандай касиети бар, жүрөгүндө кандай сырлар катылуу, адамзаты аңдабаган кандай күчкө ээ Мелис деген. Өткөн кылымдын 90-жылдарында жаңыдан касиет ыроолоп, аны кастарлап, артынан сая түшүп жүргөн Мелис менен азыркы, элүү жашты таяп, жашоонун ачуу-таттуу даамын татып калган Мелистин эмне айырмасы бар? Бул суроону сизден биринчи өзүмө да берип көрдүм. Менин да жашоого, турмушка болгон көз карашым өзгөрүп, башка адам болуп калыптырмын. Ошол эле учурда элдердики да башка нукка бурулганын байкадым.

– Көбүнчө кайсы тармактын адамдары менен баарлаштың?

– Көбүнчө базарда отургандар, соода кылып жүргөндөр, кызматчылар, жаштар  чалышты. Баардыгы эле келечекке кооптонуу менен карап атканын жашырышкан жок. Жаштар ипотека маселесин козгоп, анын чоо-жайын сурагандар болду. Көпчүлүк адамдар оору-сыркоосуна кабатырланып чалды. Келечегин билгилери келгендер да жок эмес экен. Абалтан адам баласынын аң-сезиминде келаткан дуба, сырткы таасир жөнүндө божурап, “анын айынан жолдорубуз буулуп, иштерибиз жүрбөй атат окшойт” деген көйгөйлөр менен кайрылып атышты.

– Ипотека  деп кетпедиңби, ушу жөнүндө айта кетсең?

– “Ипотека алсак болобу, алданып калбайбызбы, акырына чейин акчасын төлөй алабызбы?” деп кооптонуу менен чалышты. Сиздин суроо да ушуга үндөш болуп атат. Ооба, бул көпчүлүк акырына чейин түшүнө бербеген маселе экен. Бул боюнча мыйзамдын иштебей атканына да кабатыр болгондор четтен чыгат. Анткен менен элдин көбү ипотекага кызыгып атыптыр.

– Адамдардын дайынсыз жоголуп кеткени тууралуу суроо берип атыштыбы?

– Мындай суроолор 90-жылдары көп болгон. Ошол учурда таксисттердин көбү өлүп, көбү дайынсыз жоголуп кетчү. Анткени мыйзам жакшы иштебей, каракчылар Казакстан жакка айдатып, жолдо талап-тоноп, машиненин ээсин өлтүрүп койгон учурлар көп кездешкенин билебиз. Азыр абдан эле азайып калыптыр. Буга азыркы байланыш каражаттардын жакшырганы, бандиттик кылмыштын солгундашы, мыйзамдын күн санап күчүнө кирүүсү себепкер болууда. Бул жагынан көп өзгөрүүлөрдү байкадым. Дайынсыз жоголгондор тууралуу эч ким кайрылган жок. Менимче, телевизордон “Кайдасың”, “Жди меня” аттуу берүүлөр көмөктөш болуп аткан өңдүү.

– Сага мурун кыздар “мен бирөөнү аябай жактырып калдым. Колдон чыгаргым келбейт. Чыгып кетсе муунуп өлүп алам, жанымды кыям. Ансыз мага жашоо кызыксыз. Бир айласын таап бериңиз” дегендей суроолор менен кайрылышчу эле. Ушундай өңүттө суроолор берилдиби?

– Андай суроолор болуп келген, бу жолу да болду. Көбүнчө жаштар кайрылып атты. Жүрөктөрүндө “сокур” сүйүүнүн оту жалындап, “болду, мындан башка жигит маа десе машине, үй, акча, байлык сунуш кылбасын, баарыбир ушу жигитти сүйөм. Керек болсо жанымды бергенге, кыйганга даярмын. Бирок ал башка кызга ооп кеткени атат, жардам бериңиз. Эгер сиз ошо жигитти мага буруп берсеңиз сиздин каалаганыңызга макулмун. Көп акча берем. Ата-энемдин колунда бар. Чет мамлекетте үйү, кымбат баалуу машинеси бар. Бизнеси туруктуу. Керек болсо бир айлык бизнесибиздин кирешесин атаман гарантиясы менен сурап берем” дейт. Бул – сүйүү, “оору”.

– А сен эмне дедиң?

– Кызык болду. Мен “биздин сүйлөшүп жатканыбыз гезитке жарыяланат. Сиздин ысымыңыз жигитиңиздин аты чыгат. Кийин проблема болбойбу?” десем, “мейли гезитке чыкса эмне экен. Менде баары бар. Окуган окуум, акчам, байлыгым, бизнесим, жумушум, ата-энем, бир туугандарымдын баары бактылуу. Менде болгону сүйүү жок. Жанагы балага турмушка чыксам бактылуу болом. Азыркы максатым ушу. Суранам, жардам бериңиз. Керек болсо жолугалы” дейт.

– А эркектерчи?

– Алар кыздардан да көп кайрылды. Баарыныкы эле сүйүү. “Үйлөнөйүн десем ылайыктуу кыз жок. Баары эле байлык көздөп калышыптыр. Бизге окшогон карапайым жигиттерди карабай атышат” дейт. Кара далы кыздар “сиз айткан, көрсөткөн жигитке турмушка чыгам” дешет. Чын-чынына келсек, сиздин, биздин убактагы махабат темасы жоголуп баратканын байкадым.

– Саясат темасынан суроо бериштиби?

– Оо-у, бул жагы да куру эмес. Баары эле “кийинки президент ким болот, элибиз тынчтыкта жашайбы, революциялар болбойбу, Атамбаев дагы бир мөөнөткө калабы?” деген суроолор болду. Казак туугандар “баары эле ханга жакын болсом” деп самашса, а кыргыздар “баары эле хан  болсом” деген сымал эки кишинин бири “саясатта жүрөм, качан кызматым жогорулайт, президент боломбу?” деген суроолорун берип атышты.

– Эгемендик алгандан бери көзү ачыктар көбөйүп, аны менен бирге “кара дуба” элибизге кенен жайылып кетпедиби? Ушу темада да суролоолорду беришкендир…

– Туура, мага байланышка чыккандардын ар бир экинчиси эле “мага дуба окутуп койгон окшойт, ишим жүрүшпөйт, жумуш жок, бирөө окутуп салыптыр, жолум байланып атат, азап чегип атам, дуба жандырасызбы?” дегендер. Дуба темасы аябай кызык темалардын бири. Анүчүн ар бири менен бетме-бет, жүзмө-жүз жолугуп, адамдын жүрүм-турумуна, бешенесине карата айтпаса болбойт. Телефондон айтуудан тартындым. Анын жол-жоболору, шартына жараша айтылчу оокат эмеспи. Профессионал экстрасенс даражам менен жөн эле катардагы сөздөрдү божурай берүү абийириме дал келбейт жана туура эмес иш деп баалайм.

– Экстрасенстик касиетим бар. Сизден сабак алсам болобу дегендер бар бекен?

– Мен да ушундай жагдайда кайрылат бекен деп коңгуроо күттүм эле. Тилекке каршы, бир гана кыз чалып, “түнкүсүн ай толгон учурда ээлигип талаага чыгып кетем. Тоону көздөй алып-учуп, айга кетким келет. Көзүмө аркы дүйнөнүн адамдары көрүнүп, ары-бери колуман жетелейт. Кытай желдеттери биздин айылга кол салган болот. Алар менен колума кылыч алып чабыша баштайм. Ысык-Көлдүн Акелери мага кошулуп кытайларга каршылык көрсөтөбүз. Үйгө далбас уруп качып кирем. Эч ким мага тийбеген бурчка барып отуруп алам. Таң атып келатканда жай алып уктайм. Ушундай окуя менде ар бир ай толгондо кайталанып турат” деди.

– Кыргызда “жин кирип кеткен” дейт эмеспи, ошондой эмеспи?

– Ал кыз менен кийинки жумада жолугуп сүйлөшө турган болдук. Азыр ай жаңы жаңырды. Анча деле кооптуу абал эмес.

(Уландысы кийинки санда)

Сурат Жылкычиев

 P.S. Түз байланышыбыз уланууда (тел: 0 777-99-40-47). Редакция тараптан жаңы форматын караштыруудабыз. Анткени окурмандар жана парапсихолог Мелис үчүн бир аз ыңгайсыз абал жаралууда. Аны жакынкы арада иштеп чыгып айтабыз.    

Булак: “Азия Ньюс” 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: