2010-жылдын 7-апрелинен кийин «ач-жылаңач революционерлер» көп эле тескери жоруктарга барышты. Бу жагы мезгилдин оошкону менен ачыкка чыгып келатат. Албетте, убагы менен бардык катачылыктарды тизмектейбиз. Азыр болсо орчундуу бир маселеге токтололу.
Эсиңерде болсо, жаңы бийлик келгени мамлекеттик сыйлыктар «ит-кушуна» чейин берилип кеткен. Мындай шартта саясаттагы лөктөр жөн калмак беле? Учурда бизге анык болгондой, 7-апрелден кийин Кубатбек Байболов менен Болот Шер генерал-майор чинин аттап өтүп, дароо эле генерал-лейтенант деген ардактуу наамга ээ болушканы кайсы акылга сыят? Бу көрүнүш мыйзамды одоно бузуу менен жасалма погон тагынуу болуп эсептелет. Эми бийлик өткөн-кеткенди териштирип аткан соң, мыйзамсыз берилген генерал-лейтенант деген чоң жылдыздарды мамлекетке кайра кайтарып алса болобу? Антпесе абал чатак. Күч органдарына өмүрүн арнап, таман-акы маңдай тери менен жеткен генералдар дал ушул эки саясатчынын кылыгына бүгүнкү күндө өтө нааразы экен. Эгер бизде мамлекеттүүлүктүн эрежелери чын эле сакталса, анда бу жагы териштирилиши зарыл. А болбосо барк кайда? Орган кызматкерлери кимге карап түздөнүшү керек? Аскер наамына, өзгөчө чоң жылдыздарга этият мамиле кылбасак болбойт да…
Кубат Карачев
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ