Menu

Айтурган Сатиева, диктор: “Телеканалдар – интриганын очогу дегенге кошулбайм”

Бөлүшүү:

– Айтурган, алгач сени жакында алган сыйлыгың менен куттуктап кетейин. Журналисттик кызмат жолуңда наам алам деп күттүң беле?
– Рахмат. Эмгегиңдин үзүрүн көрүп, жеңишиңдин жемишин татуу, мындайча айтканда жыйынтыгын көрүүгө болгон максат бардык эле адамда болот го дейм. Бирок дал ушул күнү же дал ушул сыйлыкты алам деген ойлор болгон эмес.
– Байкашыбызча сыйлык күтүлбөгөндөй. Андай болсо президенттин Ардак грамотасына кимдер тарабынан көрсөтүлүп калдың?
– Сыйлыкка Маданият министрлиги тарабынан көрсөтүлдүм. Жогоруда айтып кеткендей, төрт жылдан бери түрдүү иш-чараларды алып барып жүрөм. Аларды ушул биздин министрлик уюштурат. Мейли маданий иш-чара болсун, мейли спорттук, мейли бир белгилүү датага арналган тарыхый же юбилейлик оюн-зооктор болбосун алып баруучулар керектелет. Кээде эл аралык же дүйнөлүк деңгээлдеги олуттуу иш-чаралар болуп калат. Күнбү – түнбү, кышпы – жайбы, шаардабы же тоодобу, ишиң барбы же жокпу, визаж, чач жасалгаң жасала турган шарт барбы же жокпу, айтор эч нерсеге карабай татынакай болуп чыгып такалбай сүйлөп, таамай жеткирип, жаңылбай айтып, жакшынакай иш-чараны ачып берүү же жыйынтыктоо алып баруучуга жүктөлөт. Ошол өтүп жаткан иш-чаранын маанайы алып баруучудан көз каранды. Канча деген сыйлуу конокотор келбесин, же көрүүчүлөр болбосун, эгер алып баруучу талапка ылайык алып барбаса иш-чара оңунан чыкпай калат. Мына ушундай ары түйшүктүү, ары кызыктуу жалпы журналистика тармагында жүргөн 11жылымды эске алып, аталган сыйлыкка көрсөтүлүп отурам жана сиздердин гезиттен пайдаланып терең ыраазычылыгымды билдирем.
– Буга чейин 5-каналдын жүзү элең. Ал жактан кетүүңө эмне себеп болду?
– 5 – каналды менин телевидение жаатында тушоомду кескен, менин өмүр жолумда өзгөчө сыйлуу орду бар канал десем жаңылышпайм. Ынтымактуу, иш билги жамааттан телевидение тармагында көп нерселерди үйрөндүм. Кетүүмдүн кескин себеби болгон жок. Түркия мамлекетине журналистика тармагында окууга өтүп, окуп келүү максатында кеткем.
– Андан соң КТРКда да жаңылыктарды окуп жүрдүң. Бирок ал жер сага жакпагандай, жакпаса эмнеси менен жакпай калды?
– Ооба, тилекке каршы жеке маселелерге байланыштуу окуумду толук бүтүрбөй келүүгө аргасыз болдум. Ал жактан келген соң, КТРКнын башкы директору Илим Майрамбековичтин чакыруусунда Ала-Тоо маалымат программасына диктор болуп бардым. Илим Майрамбекович мен Түркияга жөнөөр алдында сунуш кылган эле, чет жакка кетипжатканымды айтып баш тарткам, бирок келген соң чакырууну кабыл алгам. Мен телевидениеден сырткары да мамлекеттик жана эл аралык иш – чараларды алып барам. Ошондуктан кайсы жерге жумушка кирсем да, эфирден сырткаркы убактарда бош болушум керек деген шартта кирем. Жакты, жакпады деп айта албайм. Анткени мен жумушту эмоция менен кабыл алуудан качам. Жаратылышты, искусствону, жакындарыңды жүрөккө жакын кабыл алып, жактырып же таарынып же дагы башка бир сезимдериңди билдирсең болот. Ал эми кесибиңдин алдында жоопкерчиликтүү болуу ишти алдыга жылдырат деген ойдомун.
– КТРКны деги эле телени интриганын очогу дешет. Бул канчалык чындыкка жакын?
– Менимче интрига деген түшүнүк моралдык жактан алсыз адамдын иши. Колунан иш келип, жашоого сергек ой жүгүрткөн адамдар мындай пас нерседен алыс болушат. Ал эми КТРК же башка телеканалдар интриганын очогу дегенге кошулбайм. Бул ошол сөздөрдү чыгарган ар бир адамдын деңгээлин көрсөтөт. Мен жалпысынан азбы-көппү беш телеканалда диктор болуп иштедим. Учурдагы иштеп жаткан жерим бешинчиси. Мындан сырткары радио болобу, гезитпи бир да жерден мени менен же бири-бири менен конфликттешкен коллективди кезиктирбедим. Албетте бардык жамааттар сыяктуу эле иштин кызыкчылыгы үчүн түшүнбөстүктөр болот. Бул банкта иштесең деле, базарда отурсаң деле орун алчу нерсе. Жалаң эле телевидениеде дегенге кошулбайм.
– Диктор десе көптөр кооз кийинип, сулууланып алып даяр текстти окуп койгон алып баруучу катары билишет. Диктор сен үчүн ким?
– Албетте сулуулук да диктор үчүн маанилүү, бирок андан маанилүүсү жоопкерчиликте дээр элем. Бул өтө жоопкерчилиги күчтүү жумуш. Кабарчылар, операторлор таңдан кечке, кээде күндөп-түндөп жүрүп жасап келген материалдарды аны күтүп отурган калың журтка жеткиликтүү айтып берүү, окуп берүү же болбосо жеткирүү “жөн эле” деген кыргыздын популярдуу сөзүнө эч бир “чакта” туура келбейт. Учакты башкарып бараткан учкуч менен түз эфирдеги алып баруучунун абалы бирдей болуп турарын медиктер далилдегени баарыбызга эле маалым болсо керек.
– Ушул кесипти тандаганыңа өкүнбөйсүңбү? Эгер дагы бир мүмкүнчүлүк болсо кайсы кесиптин ээси болмоксуң?
– Жок, өкүнбөйм. Анткени менин бул кесипти аркалышымды атам каалап, апам даярдаган десем болот. Экөө тең педагогдор болгондуктан, өзгөчө апам кыргыз тили, адабияты мугалими болуп, адабиятка, көркөм окууга, туура сүйлөөгө, туура отуруп, туура жазуума чейин катуу көңүл бурчу. Мүмкүн анда мени апам келечекте диктор болсун деп эмес, жөн гана чүрпөсүнүн ден соолугу үчүн, коомдо бир орду бар адам болуусун каалаганы үчүн жасагандыр. Алардын ошондой эмгегинен соң, менден башка кесип ээси чыгышы мүмкүн эмес эле. Андай мүмкүнчүлүк болсо шартына карап бир кесипти тандап алып, ага да баш-отум менен киришип иштеп майнап чыгарып, ырахатын көргөн кызматкер болууга аракет кылмакмын. Мен үчүн ушул процесстин өзү кызыктуу.
– Журналисттик алгачкы кадамыңды радиодон баштадың эле. Азыр радиого баргың келеби, сагынасыңбы?
– Радиодон алыстаган жылдардан бери 3-4 ирет радио берүүлөрдө конок катары катышып калдым. Сагынганымды ошол биринчи программада билдим. Конок болуп отуруу мага аздай сезилип жатты. Алып баруучунун ордуна отуруп, эфирдин эки тизгин, бир чылбырын колго алгым келип кетип жатты. Радио студия, пульт, кулакчындар, улам-улам программаны көркүнө чыгарып кубулжучу музыка жана угармандын чалган коңгуроолорун алып эфирге кошуу, мына ушул ар бир нерседен ырахат алып отурдум. Ал эми өзүм иштеп жүргөндө мунун баары жөн гана кадимки жумуш сезилчү.
– Китебиңди чыгарсамбы деп жаттың эле, чыгармаларыңа качан күбө болобуз?
– Ооба. Бул ирет кара сөздөн турган чакан китебимди чыгарсам деп жүргөм. Чыгармалар даяр. Чынын айтсам билек түрө киришпей жатам. Азыркы рыноктук заманда баарына өзүң чуркайт эмессиңби. Учурда башка бир пландарды, жакшы бир санаалаш кесиптештер менен биргеликте ишке ашырганга аракеттенип жүрөбүз. Буюрса ишке ашып калса, саамалыкты сиздерге сүйүнчүлөйм.
– Сулуулуктун сыры жандүйнө тазалыгындабы? Деги эле сулуулугуңа кантип кам көрөсүң?
– Жандүйнө тазалыгынын да таасири чоң. Анткени ички дүйнөң аруу болсо, бирөөгө жамандык калаап, тескери ойлоп бушайман болбосоң нервиң да тынч болот эмеспи. Ал эми кылымдарга атагы чыккан кытай медицинасында “жүрөк ден соолуктун башаты болсо, жүлүн анын агасы” деп коюшат экен. Демек бардык нерв систамасын туташтырган орган катары, адамдын ички-сырткы абалынын жакшы болушу үчүн нервдер олуттуу орунда. Анан албетте тазалык, тыкан болуу, декоративдик косметикаларды ыгы менен колдоно билүү жардамга келет.
– Эмнеден ырахат аласың?
– Жаратылыштан. Таза аба, тунук суу, кооз айланага барып жарым саат баарын унутуп, табигатка эркелеп, анын сыйкыр дүйнөсүнө сүңгүп кирип кете алсам кадимкидей ырахаттанып, күч-кубат топтоп алам.

Жаркынай Кадыркулова

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: