Menu

Эл өкүлдөрү, эми кезек силерде!

Бөлүшүү:

Дүйнө акылмандары айтып, турмуштук процесстерде далилденгендей, коомго эң коркунучтуу адамдар булар – кайдигерлер. Эгер сен жеке индивид, инсан катары кайсы бир маселе боюнча оюңду ачык билдирип, жарандык парзыңды аткарбай, эки жагыңды ууруча кытмыр тиктеп, “башкалар эмне дээр экен…” деп отурсаң мына ошонуң өтө коркунучтуу. Андан көрө акылыңдан өткөрүп, маселени өзүңдүн мээ чөйчөгүңө жараша электеп, бир жыйынтыкка келип, аны ачык айтып койгонго не жетсин? Жок, анте албасаң анда сенин коомго тыйынчалык пайдаң барбы?

Албетте, бул айтылгандар азыр биздин Жогорку Кеңештеги 120 депутаттын ар бирине арналып турган учуру. Анткени жакында көтөрүлгөн Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүүү боюнча долбоор коомчулуктун талкуусуна түшүп, анын айынан саясатчылар кырды бычак болуп, бул талаш-тартыш менен кошо бири-биринен өткөн өчүн, кеткен кегин алчудай ахыбал жаралып турган учуру. Бекеринен экс-премьер министр Темир Сариев мыйзам долбоорунун авторлору делинген ЖКдагы фракция лидерлерине кайрылып, “көшөгөнүн артына жашынбай, ачык айтып, ак сүйлөгүлө!” – деп жаткан жок да. Анткени карга деле басып чыгарган көөдөй кара балапанын “аппагым” деген сыяктуу, расмий түрдө Конституциянын жаңы вариантын иштеп чыккан авторлор катары Канат Исаев, Иса Өмүркулов, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Өмүрбек Бабановдор күн бою автордук кылган долбоорду жактап, күн сайын телеге чыгып, жолугушууларды уюштуруп, түшүнбөстүктөрдү көчөгө жеткирбей эле мыйзамдуу, ачык-айкын жоюп турса болот болчу. Бирок эмнегедир жүктү мойнуна көтөрө турган лидерлер бүгүн буга шаасы жетпей, анын ортосунда өздөрүнө-өздөрү эс алуу жарыялап жиберип Көчмөндөр оюндарынын шылтоосу менен убакытты текке коротушууда. Бул чыныгы лидерликке жооп бербей турган сапат эмеспи…

Экинчиден, ооба, буга чейин да далай ирет Конституция өзгөргөн, бирде элдин күчү, коомчулуктун сүрү менен өзгөрсө, бирде бир ууч эле саясий топтун чечими менен өзгөрүп жүрүп отурган. Референдум дегенибиз болсо, болгону ошол бүткөн ишти легитимдештирүү экенин далай баштан кечирдик. “Эл чечсин” деген ураан жөн эле алдооч баштык катары десек да болот. Бирок бул жерде бир нерсени эске алуу керек. Жаман болсо да, жакшы болсо да мындай мамлекеттин тагдырын чечээр маселе коюлуп жатканда, ага элден мурун жоопкерчиликтүү катары парламенттин депутаттары эсептелет. Ошондуктан чыккан партиясына, шыбагасына тийген комитетине, шайлоодо ака-үкасынын жардамы мененби, акчасы мененби, чыныгы элдин ишенимдүү добушу менен келгенине да карабай, ар бир депутат Конституция боюнча ачык пикирин билдирүүгө тийиш. Адатта мындай болбой, далай мандатын май чөнтөгүнө салган депутаттар “бириң өлүп, бириң кал” дегендей кайдигер мамиле жасап, соо жеринен “ооруп” ооруканага жата калып, “себептүү” иштер менен командировкалай калып же болбосо кулда кулак жок болуп, эптеп эле ЖКнын имаратына кирди-чыкты болуп, көпчүлүктүн арасында жүрө беришет. Мына ушундай коңулга кире качкандардын көптүгүнөн улам өлкө өрдү карай эмес, көрдү карай кулаган учурлары болбодубу. Ошондуктан азыркы 120 депутат мандатыңарды тартып ала турган эч ким жок, артыңарда колдоочуңар турганы чын болсо, чындап депутаттык антыңардын аягына чыгайын десеңер, шайлоо алдындагы узун убадаңарды “уй жеп” кетпесе, Конституция боюнча ар бириңер ачык пикириңерди билдирип эл алдында башыңарды бийик көтөргөнүңөр дурус болот.

Эгер бүгүн депутаттар Конституциянын өзгөрүшүнө ак же көк деп айта албай, аны ачык айтуудан корксо, “мандатымды алдырсам, бизнесимди кантип “крышовать” этем” деген жеке кызыкчылыгы үчүн корксо, булар коомго тээтиги ИГИЛчилер сыяктуу эле коркунучтуу бойдон кала берет. Анткени бүгүн эки ооз оюн айтып коюудан айбыккандар эртең элдин башына күн түшкөндө, эң биринчилерден болуп акчасын артынып сыртка чыга качат. Же болбосо эртең непадам эле бийлик алмашып кете турган болсо, алды менен ошолор азыркы бийликти боктоп, сол жээктин “солк” этпес жаса керлерине айланат. Ошону менен алар кийинкилерди да иритип, чиритип жүрүп отурат.
Андан көрө ачык айтып, ак сүйлөп, каршы болсоңор Өмүрбек Текебаевчесинен аргументтериңерди айтып, колдосоңор Рыскелди Момбековчосунан түз пкириңерди жалтанбай айтып койсоңор андан эч нерсеңер кемибейт. Калк ичинен колдоочуларыңар, тарапташтарыңар табылат, сергек, позициясы бар депутат катары шайлоочуларыңарга да уят болбойсуңар. Ооба, бул жолу жарандык коом, эксперттердин бүтүн армиясы ачык талкууга катышып жаткан соң, ар бир депутат мандатына манчыркабай, өз пикирин ачык айтуусун талап кылганыбыз оң. Эт эмес же чел эместер ким экенин бүгүн билип алганыбыз жакшы. Качанкыга чейин эле “балыктардын” күнү тууп, ити чөп жей берет?!

Тынчтык Алтымышев

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: