Menu

Бакыт Төрөбаев, “Өнүгүү” фракциясынын лидери: “Ачыгын айтканда Жогорку Кеңеште де-юре башкаруучу коалиция бар, де-факто башкаруучу коалиция жок! “

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-сентябрда КР Жогорку Кеңешинин отурумунда “Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев “Ачыгын айтканда Жогорку Кеңеште де-юре башкаруучу  көпчүлүк коалиция бар, де-факто башкаруучу көпчүлүк коалиция жок!” деп билдирди. Эсиңиздерге сала кетсек, былтыр 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин КСДП, “Ата Мекен, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” фракциялары биригип, башкаруучу көпчүлүк коалицияны түзушкөн.

“Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасы:

Саламатсыздарбы, урматтуу депутаттар! Өтүп кеткен Курбан Айт майрамыңыздар менен! Баарыңыздарга ден-соолук каалайм! Урматтуу депутаттар, комитеттин төрагасы шайланат. Каалайбызбы, каалабайбызбы. Баары бир биздин коллегабыз шайланат. Бул жерде эч кандай орчундуу маселе эмес деп эсептейм. Мен бул жерде сүйлөгөн сөзүмдө эмне жөнүндө айткым келет? Кечээ айылдан келген бир аксакал киши менден сурап жатат: “Бакыт, азыркы өзгөртүү, толуктоо, Конституция боюнча оюң кандай?”-дейт. А мен сурадым : “Сиз окудуңузбу ал Конститутцияны”-десем, “Элдин баары бийликти басып алат экен го деп айтып жатат”-дейт. Мен, “эмнени басып алат экен”, сөздү таппай жатат, “Узурпациябы?”-десем, “Ии, ошол узурпация”-дейт. Көрдүңүздөрбү? Эл Конституцияны жакшы билбейт. Бирок, биз, урматтуу депутаттар, 2010-жылы келгенде, мына мобу Конституцияны (Конституцияны көрсөтүп) биздин папкага салып берген. 2010-жылдан баштап, мобу жаңы Конституцияны, биз, билгени да барып, билбегени да барып, колго кармап жүрдүк! 5 жылдын ичине Коалиция эмне экендигин түшүндүк, фракциянын арасында сүйлөшүүлөр болот, ынтымакка келет экен деп,  Коалицияны түшүндүк, төрага кандай шайланат экендигин түшүндүк, Борбордук Шайлоо комсиссиясы оппозициядан барат экен деп түшүндүк, Счетный палатага барат экен өкүлү түшүндүк. 5 жыл ичинде көп нерсени көрдүк, мобу коалициянын негизинде  Чынын айтканда, бул жерде мобу отурган 5-созывдын коллегаларыбызды бул жерден келип камакка алып кетишти. Мына ушул Конститутциянын негизинде камады биздин коллегаларыбызды! Бул Конституция өзүнүн тарыхын, өзүнүн вазийпасын аткарды! Кааалайбызбы, каалабайбызбы бул тарыхта калат. Бирок, кайсы бир саясатчылар айтып жатышат: “2020-жылга чейин өзгөртпөйлүк”-деп. Ошол Конституция менен жашайлык деп жатышат. Бул аргумент эмес! Анткени, мен 5-жыл жашадым бул Конституция менен. Мен өзгөрткөнгө умтулам, мен жашоо турмушту жакшыртканга умтулап деген ойдо экен элдер дагы.   Урматтуу депутаттар, бардыгыбыз шайлоого бардык.  Айтпадыбы бизге элдер: “120 депутат аябай көп экен”-деп?  Айттыбы? – Айтты! Соттун кандай пара алып жатканы боюнча айттыбы? Айтты! Эгерде бул Конституция жазылып жаткан нормага, биздин мамлекеттин  коопсуздугуна, биздин эгемендүүлүгүбүзгө доо келип жатса, эмне үчүн алмаштыра албайбыз?! Эгерде биздин мамлекетибизде үй-бүлөлүк баалуулуктарга доо келип жатса, эмне үчүн өзгөрьө албайбыз?! Өткөндө КТРге келип, ЛГБТнын өкүлдөрү келип интервью берип жатышат. Эмне деген бул?! Ошон үчүн, урматтуу депутаттар, эгерде өзгөртүү керек болсо, эл үчүн керек болсо, мамлекет үчүн керек болсо, мамлекеттин стабилдүүлүгү үчүн керек болсо, биз өзгөрткөнгө барыш керекпиз! Бирок, биз “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы ар бир статьяны талкууладык. Эми урматтуу депутаттар, коалиция боюнча. Туура. Де-юре коалиция бар, де-факто коалиция жок! Ачык айтканда. Өзгөртүү, толуктоо конституцияга киргенде, мүмкүн бизден жаңылыштык болуп калды. Кайсы бир коалициянын мүчөсү Конституцияны колдобой жатат, бул жакта оппозициянын өкүлү Конституцияны колдоп жатат, бул жерде өзүбүздөн башаламан болуп калды. Мен эсептейм, урматтуу депутаттар, баягы компьютерде билесиздер да, кичинекей кнопка бар-перезагрузка деген. Же биз коалицияны бир “перезагрузка”  кылыш керекпиз, же  биздин коалиция “реанимацияга” түшүп калды.  “Искусственное дыхание” менен жашап жатат деген ойдомун. Ошон үчүн, урматтуу коалициянын мүчөлөрү, мына коалициянын келишимин карап чыктык, мамлекеттин деңгээлинде маанилүү маселелерди биз чоогу, макулдашуу менен чыгабыз деген мына ушул коалициялык келишимде жазылып турат. Экинчиден, фракциянын укугу бар, коалициянын жыйналышын өткөрүүгө. Биз чечим чыгардык.  “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын чечимин, мыйзам чегинде, келишимдин чегинде, биз коалициянын отурумун чакырып жатабыз. Бүгүн саат 4тө, 711-кабинетте  Канат Кедейканович, Өмүрбек Чиркешович сиздин, Иса Шаршенкулович сиздин кабинетиңизге төртөөбүз барып, бир сүйлөшүп, анан кийин башка кадам кандай болоорун биз чоогу таштайлык. Рахмат!”

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: