27-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча С.Исаковго, Ж.Сатыбалдиевге, О.Лавровага, О.Артыкбаевге, А.Калиевге, С.Авазовго, Ж,Назаровго, Т.Бримкуловго карата кылмыш ишин кароо улантылды.
Сот тараптардын жарыш сөзүн угууга өттү.
Анын алдында экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев сөз алды.
“Биз канчалык күбөлөрдү алып келүү боюнча аргумент келтирбейли, бизди уга тургандай эмессиңер. Сот отуруму негизги подрядчик сотко чакырылбай өтүп жатат. Бирок ал бул процесстин катышуучусу. Мен бардыгыңыздарды мыйзамды сактоого чакырам. Урматтуу, мамлекеттик айыптоочу, урматтуу сот, мен көп эле жолу айттым, дагы бир жолу айтып коеюн, мамлекеттин атынан үч орган: аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлиги турат. Сиздердин органдан адамдардын тагдыры чечилет. Божомолуңарды айтпай, фактыларды келтиргиле, суранам”, – деди ал.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ