Menu

Азамат Арапбаев, депутат: Альтернативалык жолдун плюс гана жактары бар

Бөлүшүү:

– Азамат Абдуллажанович, сиздин айтымыңызда, битумду кеч сатып алгандын эсебинен эле жылына миллиондогон сом чыгым тартат экенбиз, ошондойбу?

– Жылына Кыргызстан кошуна мамлекеттерден орто эсеп менен 80 миң тоннага чейин битум алып келет экен. Эгер акыркы он жылдын графигин көрсөңүздөр, январь, февраль айларында битумдун баасы төмөн болот. Июнь-июль, август айларында биржанын баасы боюнча ар бир тоннасы 100-150 долларга кымбаттайт. Эгерде битум кыш мезгилинде сатып алынса, жылына 8-10 млн. доллар бюджеттик акчаларды үнөмдөсө болот. Эми эсептеп көрүңүздөр, бул акчага канча мектеп, канча чакырым жол салса болот? Транспорт министрлиги дагы канча жумуш аткармак ошол каражаттын эсебинен?..

– Анда эмне жолтоо болуп жатат? Эмне үчүн битумду кышында сатып алышпайт?

Эгер менчик ишкана болгондо, ал өз пайдасын ойлонуп, жайдын камын кышта көрмөк. Ал эми мамлекеттик кызматкерлер «үнөмдөгөндөн мага эмне пайда, баягы эле айлыгымды алам» деген көз караш менен иштешет. Албетте, транспорт министрлиги каражат сурайт. Каржы министрлиги аны өз учурунда бөлбөй коюшу мүмкүн. Айтор, себеп көп бута. Бирок, саясый эрк эле болсо, маселени чечип, бир топ каражатты үнөмдөсө болот.

– Түндүк-түштүк альтернативалык жолу тууралуу ар кандай көз караштар бар. «Каражат тартыш болуп турган азыркы шартта аны коё турушса деле болмок» деген да пикирлер бар. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?

– Жол деген сөзсүз керек. Анын баардык тарабынан плюс гана жактары бар. Экономикалык жактан да мааниси чоң. Биринчиден, жол кыскарат, ага жараша жол кире да төмөндөйт. Барган товары да арзаныраак барат. Айтор, оң жактары көп. Азыр Бишкек- Ош жолунда унаалар, айрыкча оор жүк ташыган унаалар көбөйүп, анын натыйжасында жол кырсыктары да көбөйүүдө. Альтернативалык жол бул көйгөйдү да кандайдыр бир деңгээлде чечет.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: