Menu

КР Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев Нарын облусунун тургундарын кабыл алды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-июлда КР Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Алмаз Орозалиевдин   катышуусунда Нарын ОИИБдин 2018-жылдын 6 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү жыйынтыкталды.   Алгач,  А. Орозалиев башкармалыктын өздүк курамы менен учурашып, кызматтык милдетин так аткарып, ишинде өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге сыйлык, атайын наамдарды тапшырды. Бул тууралу Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирет.
Аталган кеңешмеден кийин Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, Нарын облусунун тургундары  ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиевдин  жеке кабыл алуусунда болушуп, чет өлкөгө иштөөгө кеткен мигранттардын туугандарына калтырылган балдары жана коомдук алдын алуу борборлорунда да жаралган көйгөйлөр боюнча маселелер талкууланды. Өзгөчө мигранттардын балдарына карата жасалган зордук-зомбулуктар, алар тараптан жасалган кылмыштар менен укук бузуулар, өз өмүрүнө кол салуу фактылары боюнча көйгөйлөр  айтылып, «Нур-Жол-Бер» коомдук бирикмесинин Нарын облусу боюнча төрайымы С. Жумалиева тарабынан мигранттардын балдарына арналган борбор ачуу сунушталды.  А. Орозалиев жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүүнү Нарын ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги У. Аалиевге тез арада чечүүнү тапшырып, аткарылышын өзү көзөмөлгө алаарын билдирди.
Жарандарды кабыл алуусун аяктаган соң, Нарын ОИИБдин медицина кызматы, ЖКККБ, МКККнын өзүнчө ротасы жайгашкан имаратка барып, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Джунушалиевдин Нарын облусундагы иш-сапарында коюлган тапшырмалардын аткарылышы боюнча жакындан таанышып, стационардык бөлүмдөрдү жасоодо жүргүзүлүп жаткан иштерден кабар алды.
Нарын облусунун тургундары ИИМдин жетекчилигине жеке кабыл алуу менен кайрылууларын, арыздарын, андан сырткары көтөрүлгөн маселелерди ыкчам чечип бергендиги үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: