Menu

Өмүрбек Бабанов: “Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып жаткандар саясый эркиңер болсо башкаруучу коалициядан чыгып кеткиле, Социал-демократтар силердин саясый эркиңер болсо коалициядан силер чыгып кеткиле!”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-сентябрда КР Жогорку Кеңешинин отурумунда “Республика-Атажурт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов  “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өурбек Текебаевге карап “Конституцияны өзгөртүүгө карыш чыгып жаткандар саясый эркиңер болсо башкаруучу коалициядан чыгып кеткиле” деп кайрылды. Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго кайрылып, “Социал-демократтар силердин саясый эркиңер болсо коалициядан силер чыгып кеткиле!” деди.

“Республика-Атажурт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасы:

“Биз шайланып келген 320 миңден ашык добушубуз, элибиз мамлекетти бекитип, бутуна бекем тургузуп, экономикалык реформаны жүргузүп, саясий реформаны жүргүзөт деп туруп шайлап берген. Биз коалицияга кирбей калдык. Биз ага өкүнгөн жокпуз! Бир комитет берген жоксуңар!  Биз ага өкүнгөн жокпуз! Бирок, ошонун кесепети буйруса өзүңөрдүн башыңарга келет. Мен айткам ошондо, себеп дегенде калыс кадам жасаган жоксуңар! Бир-бириңер бөлүшүп алып комитеттерди, бөлүп кеттиңер. Калыс болгон жок. Ошонун кесепетин, өзүңөр башыңар менен көрөсүңөр, кудай буюрса. Менин силерге сунушум бар, урматтуу коалициянын мүчөлөрү, урматтуу Иса Шейшенкулович! Сүйлөшкүлө. Сүйлөшүүнүн негизинде конституция болсун. Конституцияга каршылар, мен ойлойм, саясий эрки болсо коалициядан чыгып кетишсин, сиздердин саясий эркиңиздер болсо, Социал-демокараттар, сиздер чыгып кетиңиздер! Биз коалицияга киребизби, кирбейбизби, биздин принципиалдуу позицияларыбыз бар. Көз карашыбыз туура болсо, биз коалицияны, мамлекетти бекемдей турган коалиция болсо, биз сүйлөшүүгө дайынбыз. Жок, андан башкача көз карандысыз кадам боло турган болсо, анда биз оппозицияда жүрө беребиз. Эч нерсе болгон жок оппозицияда. Ушул эле бир залда отурабыз, бир залда иштеп жатабыз. Өзүбуздүн позициябыз менен биз кете беребиз. Бирок, бир нерсени суранып кетет элем. Урматтуу кесиптештерим, урматтуу Өмүрбек Чиркешович! Сизге өзүнчө кайрылып кетет элем. Себеп дегенде, биздин  арабызда Сиз өтө тажрыйбалуу адамсыз, Сизди бардыгы урматтайт, мен да Сизди өтө урматтайм, саясий күрөштө ар кандай нерсе болот экен, бирок мобу “личностько” өткөндөрдү бири-бирибизге токтотсок да. Себеп дегенде, биз да мынакей үлгү болуп жатабыз да. Биз да элден шайланып келдик, депутат болуп келдик. Келгиле, саясий көз караш менен кармашайлы. Сиз, жанагы айтканыңыздычы, Өмүрбек Чиркешович, Оштун мэри боюнча, мен толук колдойм. Мен Сизди толук колдойм ал жерде. Мен сизге чейин айтайын деп тургам, Сиз алдын айтып койдуңуз. Аны мен толук колдойм. Ошон үчүн, урматтуу депутаттар, ачуу кандуулукка алдырбай, бир-бирибиз менен сүйлөшүүнүн негизинде, коалиция бүгүнкү күндө жок, керек болсо кайра түзөбүз да, саясий эрк болсун, түзөлүк да, кайра кетелик. 2010-жылы коалиция канча жолу талкаланды. Канча жолу Өкмөт талкаланды. Ал баштан өттү.  Азыр да ошону мен сиздерге сунуштайм, конституциянын негизинде колдой турган болсоңор, Конституцияны сактап калгыла! Колдобой турган болсоңор, келгиле, сүйлөшүү жүргүзөлү!”

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: