Menu

Келдибектен күлкү кеп (саясатчылар тууралуу)

Бөлүшүү:

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алып:
– Жолдош министр жол тыгыны “пробкага” карата чара көрүп жатасыздарбы? Бүгүн тыгындын айынан мен өзүм жарым саат жумушка кечигип келдим.
Кашкар Жунушалиев:
– Урматтуу Сооронбай Шарипович, эгерде депутаттар кабыл алып беришсе, бир жакшы законду жөнөттүм эле. Сооронбай Шарипович:
– Ал кандай законуң?
– Өтө машинелер үйүлүп, тыгын болгон жерде жөө жүргүнчүлөр үстүнөн баса берсе болот деген экен.
– Депутаттар кабыл албай коюшсачы?
– Кабыл алышат, кайда качышмак эле, эртең, бүрсүгүнү депутаттык күндөрү да бүтөт, анан алар карапайым эл менен аралашып басып калышат деген экен, кайран Кашкар мырза.
***
– Топчубек Тургуналиевич, эгерде биздин алабармандар сөздүн төркүнүнө түшүнбөй, Көчмөндөр оюнуна “төө чечмейди” кошуп коюшса эмне болот?
– Эмне болмок эле, ал сөздү айткан киши катары ташы калдыбы деп жигиттин ролун өзүм аткармакмын.

– А келиндин ролуначы?
– Ага кыздын кийимин кийип сойкулук кылып жүргөн кызтекелердин Жасмина дегенин туура көрмөкмүн же болбосо укук коргоочу келиндердин бирөөсүн чекесинен чертип тандамакмын, анткени акча төлөсө алар баарына барышат да…
***
Депутат Чолпон Жакупова Билим берүү министри Эльвира Сариевага,
– Эльвиш, сенин ишиң жакшы болбой жатат, бөлөк кайсы министрликти каалайсың, азырынча мен бул жакта турганда…
– Маданият жана туризм министрлигин.
– Эмнеге?
– Мен бийлегенди, ырдаганды жана чет өлкөлөргө саякаттаганды өлө сүйөм да деген экен.
***
Өкмөт башчы шаар башчысына:
– Албек заман кооптуу болуп турат, кечээ эле Түркияда эмне болду, Кудай андайлардан бизди сактасын, ошондо да дайыма даяр, сак турушубуз керек, митинг, пикетттер болуп кетсе эмне кылышты ойлонуп жаткандырсың?
– Сооронбай Шарипович, анын баары ойдо, мен көптөн бери баамдап жүрөм, кыргыз кайсы убакта тынч отуруп калаарын. Кыргызың куран окутуп жатканда гана тынч отурат экен. Молдолор эзилип эки саат окушса да ордуларынан былк этпей. Эгерде 100 киши пикетке чыкса, милициясынын да, башкасынын да кереги жок, 300 молдону чогулта коюп тегерете тургузуп куран окута бериш керек.
***
Алтынбек Сулайманов Камчыбек Жолдошбаевден:
– Жанагы Жалал-Абад облусунун Сузак райоундагы жаш баланы зордуктаган, селдесине чок түшкөн имамды сени жазала деп сага салып беришсе сен кантип жазалайт элең?
– Оо, ал итти мен акула кармаган кайырмак менен илип туруп, Жалал-Абаддын кире беришиндеги аркага асмакмын.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: