Америкалык көп буталуу F-35 классындагы бомбалоо учагы Нью-Мексикодогу White Sands полигонунда сыноодон өткөрүлдү. Анын түрдүү модификациялары жакында курал катара пайдаланууга берилет.
Жаңы учак башка курал-жарак системалары менен шайкештикте бир дагы ок чыгарбастан эле согуштук аракеттер болуп жаткан аймактарга жетүү мүмкүндүктөрүн тосуу комплекстерин нейтралдаштырууга кудуреттүү. Андай комлекстердин катарында америкалык учактарга коркунуч туудуруп жаткан Орусиянын Чыгыш Европада, Жакынкы Чыгышта, ошондой эле Түштүк-Кытай жана Чыгыш-Кытай деңиздеринде жайгаштырылган куралдары бар.
Анын ичинде кеп орусиялык С-400 “Триумф” зениттик-ракеталык системасына туруштук берүү тууралуу болууда. Сыноонун жүрүшүндө F-35 көрүнбөй турган аэродинамикалык бутаны аныктап, маалымат станцияга жеткирилген. Ал жактан ракета алып жүрүүчү кемеге кабарланып, ал стандартташтырылган ракетанын жардамы менен бутаны жок кылган.
Америкалык аскерлер билдиришкендей, F-35 аба жана суу алдындагы буталарды натыйжалуу аныктоо жана аларды аскер-деңиз флотундагы ракеталык комплекстер менен жок кылуу аралыгын кыйла көбөйтөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ