“Азыркы Бишкектин мэри, Алмаз Атамбаевдин бир кездеги завхозу Албек Ибраимов “Манас” аэропортунда президент болуп турганда баасы 2 миллион доллар турган авиажүргүнчүлөргө тамак даярдоочу цехти мамлекеттин 15 миллион долларына сатып алган. Ошондо айрымасы 13 миллион долларды кимдер бөлүп алышты?”- деп билдирди бүгүн, 15-сентябрда “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңеште өзү өткөргөн маалымат жыйынында.
“Келгиле, аэропортто иштеп тургандагы бир фактыга мен көңүлүңөрдү бурайын. Аэропортто “Манас Менеджмент Компани” деген СП бар эле, анын 80% чет элдиктерге, 20% аэропортко- кыргыздарга карачу. Бул ишкана 1995-жылдары Акаевдин убагында түзүлгөн, бул дагы коррупциялык схема болгон. Ошондой “цех по приготовлению бортового питания” – самолетторго тамак берген цех 20 жыл мурун курулган, бүгүн болсо анын баасы 2 млн.доллар турат, заманбап, атоматташтырылган цехти алып келип орнотуп, курушкан. Бирок Албек Ибраимов анын чет элдиктерге караган бөлүгүн 15 млн. долларга сатып алат. 2-3 млн.доллардык жанагы цехти, толугу менен эмес, 80%ын 15 млн.долларга сатып алып жатат. Эми бул коррупциялык технология айылдагы эң сабатсыз кыргызга дагы белгилүү. Арзан нерсени, кымбат сатып алгандан кийин, ким кайсы жерден ал акчаны бөлүштүрүп алат, канчасын алат бул баарыбызга белгилүү. Ошондуктан, мен, Мамлекеттик мүлк Фондусунун жетекчиси Мэлис Мамбетжановго депутаттык иликтөө рамкасында суроо-талап жөнөтүп жатам. Бул цехти мамлекетке сатып алуу боюнча ким, качан чечим чыгарган, Өкмөт билет беле? Мамлекеттик мүлк Фонду билет беле? Эми, 15 млн.деген акча көп акча. Аны Өкмөт, Фонддун жетекчиси, керек болсо Президент билиши керек! Мамлекетке акча жетпей, дивиденд таба албай, компанияларды саап тургандачы. Былтыр сатылган. Эртең биз фракциянын жыйынында ушул маселени карайбыз”, – деди Өмүрбек Текебаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ