Menu

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков коммуникациялык тармактарга технологиялык кошулуу үчүн акы орнотуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков КР Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикпалык комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин, КР Өнөр-жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК жетекчилигинин катышуусунда инженердик-техникаык камсыздоо тармактарына технологиялык жактан кошулуу үчүн акы орнотуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Тармактык ведомство өкүлдөрү белгилегендей, кошулуу түйүнүндө тийиштүү кубаттуулукту камсыздоо боюнча инженердик-техникалык жана уюштуруу иш-чаралар жыйындысын каржылоо маселесин чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-апрелиндеги токтому аркылуу өлкөдөгү инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуу тартиби жана техникалык шарттарды көрсөтүү эрежесине өзгөртүүлөр киргизилген. Эрежелер КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы токтому менен бекитилген, анда отун-энергетикалык комплексинин алкагында инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына обьектилердин технолгиялык кошулусу үчүн акыны аныктоо тартиби көрсөтүлгөн.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өнөр жай өндүрүүчүлөрүн колдоо жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү максатында инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына технолгиялык кошулуусу үчүн акынын көлөмүн төмөндөтүү тапшырмасын берди. Буга катар айыл чарба, кичи жана орто бизнестин жана социалдык объектилердин өзгөчөлүгүн эске алуу керек.

Аталган токтом ачык-айкындык жана шаарлардын жана калктуу пункттардын электр тармактарынынын инженердик инфраструктурасын өнүктүрүүнүн экономикалык жактан натыйжалуу принциптеринин негизинде керектөөчүлөрдүн электр жана жылуулук тармактарына жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында кабыл алынган. Ошондой эле электр жана жылуулук энергетикасы тармагындагы сапаттуу сервисти, республика аймагындагы электр жана жылуулук менен камсыздоо тармактарына капиталдык курулуш обьектилерин технологиялык кошулуусу үчүн акы эсетөөгө бирдиктүү мамилени камсыздоо үчүн кабыл алынган. Мындан тышкары, энергетика менен камсыздоочу мекемелерде технологиялык кошулууда коррупциялык тобокелдиктерди жоюу максаты коюулууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: