Menu

«Референдумга жол жок!» кыймылынын Билдирүүсү

Бөлүшүү:

Бишкек, 15-сентябрь, 2016-ж.

2010-жылдын 27-июнунда өткөрүлгөн жалпы элдик референдумда кабыл алынган азыркы Конституцияны өзгөртүү боюнча андан бери өткөн 6 жыл ичинде ар башка коомдук уюмдар, кыймылдар жана партиялар бир нече жолу демилге көтөргөн. Бирок бийлик такай – 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүгө он жылдык мораторий жарыяланганын баса белгилеп, андай сунуштарды четке кагып келген.

Азыр болсо бийлик Конституцияны кайра жазып чыгууга өзү киришти – Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу жана ал мыйзам боюнча референдум өткөрүү тууралуу эки мыйзам долбоору 29-июлда Жогорку Кеңештин интернет-сайтында жарыяланды. Бул иштер – бийлик өзү айтып келген мораторийди гана бузбастан, баардык мүмкүн болгон эрежелер менен укуктук процедураларды бузуу менен жасалууда.

Саясий жана коомдук уюмдардын, Убактылуу өкмөттүн көпчүлүк мучөлөрү менен активдүү жарандардын сыны менен каршылыгына карабастан, бийлик 29-августта – коомдук талкуунун арты менен алгач сунушталган өзгөртүүлөр кайра иштелип чыкты деп, референдумду 4-декабрга дайындап жатат. Бирок бийлик өзү бир да талкуу өткөрө элек, ал эми саясий, коомдук жана жарандык уюмдар 2-, 24- жана 25 августта уюштурган талкууда сын гана айтылып, референдумду токтотуу талабы коюлду.

Ошол себептен биз, саясий жана коомдук уюмдар:

– Бул сыяктуу демилге принциптерин жана коомдук пикирди бурмалоону,

– Жогорку Кеңешти кол балага айлантып, анын депутаттарына басым жасоону,

– Саясий маселелерди чечүүгө кылмыштык топторду тартууну токтотууга чакырып,

– 2020-жылдын 1-сентябрына чейин өзгөртүү жана толуктоолорду даярдоо үчүн конституциялык кеңешме чакырууну талап кылабыз!

– Тартип коргоо менен күч түзүмдөрүнүн жана сот органдарынын кызматкерлерин – бийликтин сокур куралына айланбоого чакырабыз!

– Мораторийдин мөөнөтү аяктаганга чеийн референдум өткөрүү даярдыктарын бийлик токтотпосо, Жогорку Кенеш президентке импичмент жарыялоо иштерин баштоого тийиш!

– Эгер Жогорку Кеңеш антпесе, биз парламенттин бул чакырылышын таратуу талабын коебуз!

Кайсы бир тагдыр чечээр маселелер чыкканда, алар илгертен жалпы элдик курултайларда талкууланып-чечилип келген. Конституцияны өзгөртүү боюнча азыр пайда болгон маселелерди талкуулоо үчүн, биз Конституциянын 52-беренесине таянып, 2016-жылдын 8-октябрында жалпы элдик курултай чакырабыз. Ага саясий жана коомдук уюмдардын, тактап айтканда, саясий партиялар менен кыймылдардын, элдик-патриоттук күчтөрдүн, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышат.

«Референдумга жол жок!» кыймылы –

– саясий жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү,

– улуттук-мекенчил күчтөрдүн өкүлдөрү,

– жарандык коомдун өкүлдөрү,

– жаштар уюмдарынын жана кыймылдарынын өкүлдөрү.

«Референдумга жол жок!» кыймылынын координациялык кеңешинин мүчөлөрү:

Жээебеков Р.

Аргымбаев С.А.

Ибраимова Э.С,

Душебаев К.А.

Кошалиев К.

Аскарбеков М.

Айбек Мырза

Туран Б.

Карасартова Р.

Саралаев Т.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: