Menu

Видео – Өпкөсү сезгенген бейтаптар үчүн кошумча орундар даярдалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдын 28-июнуна карата өпкөсү сезгенген бейтаптар үчүн кошумча орундарды даярдады. Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө кошумча 150, «Манас» аэропортунун аймагындагы обсервациялык жайга дагы 200 керебет жайгаштырылды. Булардын баары өпкө оорусу менен ооругандарды кабыл ала баштады. Бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн медициналык бригадалар түзүлдү. Бөлүмдөр зарыл болгон медициналык жабдуулар менен жабдылды.

28-июнга карата 57 кычкылтек концентраторлору сатып алынып, дарылоо мекемелерине бөлүштүрүлүп берилди.

Бүгүнтөн баштап №1 шаардык ооруканага  дагы кошумча 120 керебет өпкөсү сезгенгендер үчүн иштетиле баштайт. Буга чейин Улуттук фтизиатрия борборунун базасында, Темир жол ооруканасында, Улуттук хирургия борборунда, Улуттук госпиталда, Курортология институтунда, №1 шаардык клиникалык ооруканада 400дөн ашык орун камдалган.

Ал эми COVID-19 инфекциясы бар экени аныкталган бейтаптарды өзүнчө дарылоо үчүн  башка медициналык мекемелер даярдалды. Бейтаптар үчүн орундар жетиштүү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: