Кай бийлик болбосун тоодой кызматтык бак күткөн генерал-лейтенант Токон Мамытов 30-апрель күнү Кыргызстан элдеринин ассамблеясына төрага болууга камынууда. Мындай чечимди өлкөбүздөгү ар улуттардан куралган диаспора өкүлдөрү бир добуштан колдоого ала турганы каңкууланды. Бу диаспора өкүлдөрү деле өз алдынча «эшектин тушоосун чечкенге» жарашпайт эле, өйдө жактан басым болгону үчүн Токоңдун талапкерлигине аргасыздан токтолушканбы? Же буга чейинки төрага Бектемир Мурзубраимовдун 80ге чамалап, таптакыр тиши күбүлүп кала электе сыйы менен ассамблеянын короосунан сыпайы узатып коюуну чечишкенби? Эшиктен узатса, улам бир тешиктен киргендей образ жараткан бу Токон Мамытовго Кудай кызматтык “май куйрукту” ченебей берген экен. Мындай жүрүштөрү менен Мамытовдун саясаттагы шахматтык жүрүштөрүнүн соңу эмне менен аяктайт ыя? Карыганда элге-журтка шылдьң болбой, тынч аяктаса болгону…
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ