“Мен Улукбек Кочкоровмун. Мен алдын адашып жүргөн экемин. Көрсө Адахан агай ушул күнгө чейин айтып да жүрчү эле, ишенген эмес экемин, эми көзүм ачылды. Ошондуктан мен “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров Кимсанбаевичти колдоп чыктым”, – деп билдирген президенттикке талапкер Улукбек Кочкоровдун үнүнө окшош социалдык тармактарда тараган аудиожазууда.
“Бир гана Адахан Мадумаров ушул туңгуюктан Кыргызстанды алып чыга алат экен. Келгиле, биргеликте, күч бирдикте аракет кылбасак ар бирибиз, көрүп жатасыңар мамлекетибизди бандиттер каптап басып алды”, – деп жыйынтыктайт Улукбек Кочкоровдун үнүнө окшош аудиожазууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ