Menu

Камчыбек Ташиев: “Чыккынчыларды, саткындарды жана саясий сойкуларды Баткенге жибербегиле!”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу социалдык баракчасына жазып чыкты. Ал өз билдирүүсүндө элге сабырдуулук тилеп, ал жакка чыккынчыларды, саткындарды, коркокторду жана саясий сойкуларды жибербеш керектигин жазган. 

“Урматтуу эл журтум! Кечээги Баткен жергесинде болгон чек ара жаңжалы ар бир кыргызстандыктын тынчтыгын бузду, мен болсо алыс чет жакта болуп калдым, жүрөгүмдү тилип кетти.

Баарыбызга сабырдуулук керек, биз мамлекети, президент жана бийлик ээлери бар элбиз. Мамлекетти, элди жерди сактоо, коргоо ошолордун түздөн-түз милдети. Ошондуктан биз аларга ишенүүгө мажбурбуз, а эгерде чече алышпаса, анда башка сөз, иш болот.

Бирок чыккынчыларды, саткындарды, коркокторду жана саясий сойкуларды ал жакка жибербегиле!

Мен өзүм жеке элимдин тынчтыгы, бүтүндүгү жана коопсуздугу үчүн ар дайым, кандай кырдаал болсо да баарына даярмын!

Чек арабызды коргоп каза болгон жоокерибиздин арты кайрылуу болсун, апасына, жакындарына көңүл айтамын.

Эл журтума сабырдуулук тилеймин!” – деп жазган Камчыбек Ташиев.

https://www.facebook.com/kamchybek/posts/3251091898278489

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: