Ош облусу боюнча сутка ичинде коменданттык сааты бузгандыгы үчүн болгону эки жаран кармалды. Алар райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлдү. Ал эми коомдук-саясий жана криминогендик кырдаал толук кандуу райондук ички иштер бөлүмдүн жана комендатуранын көзөмөлүндө. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде онлайн-брифингде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ